12

Март

2015

Өкмөт 2015-жылга саясый мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген кызматкерлерди окутуу боюнча атайы План-графикти иштеп чыкты

Бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жергиликтүү мамлекеттик администрация, айыл өкмөт башчылары жана мэрлер үчүн окутуу курстарын өткөрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр жыйында билдиргендей, Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлөт. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансылык жана башкаруу маселелерин чечүү боюнча ыйгарым укуктар берилген. Айыл өкмөтүнүн жоопкерчилиги канчалык жогору болсо, биз ошончолук натыйжаларга ээ болуп, калктын бийликке карата ишенимин ошончолук деңгээлде жогорулата алабыз», — деди ал. Өкмөт башчы белгилегендей, ишти Өкмөт Аппаратынын уюштуруу инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү алып барат жана калктын ишеним деңгээлин жогорулатууда негизги ролду ишти ачык-айкын жүргүзүлүшү, калк менен натыйжалуу байланыш түзүү жана ага карата жоопкерчиликтүү мамиле кылуу аткарат. «Отчеттуулукту күчөтүү максатында жетекчилердин жеке иш-аракет, милдеттенмелер планы боюнча иштөө тутуму иштелип чыккан, ал өз кезегинде оңдуу натыйжаларды берүүдө. Быйылкы жылы биз дагы маанилүү кадам жасадык – бардык айыл өкмөт башчыларына жеке иш-аракет, милдеттенмелер планын иштеп чыгуусун тапшырдык», — деди Жоомарт Оторбаев. Мында ал өзгөчө көңүлдү пландардын сапаттуу түзүлүшүнө бурду. «Пландарда куру тизмелер саналбастан, алар ар-бир жаранга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуусу кажет», — деди ал жана айыл өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү жогорулатылышы керектигин билдирди. Премьер-министрдин 2015-жылдын 2-мартындагы тапшырмасына ылайык, Өкмөт Аппаратынын уюштуруу инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, тактап айтканда, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кошумча билим берүү институту тарабынан саясый мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген кызматкерлерди окутуу боюнча атайы План-график иштелип чыккан.   2015-жылга План-график алкагында 117 адамдан турган КР райадминистрацияларынын башчылары жана алардын орун басарлары, республикалык, областтык жана райондук деңгээлдеги шаар мэрлери окутулат. Окутуу макулдашылган План-графикке ылайык, 2015-жыл бою КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын окуу аудиторияларында жана КР Президентинин Ош шаарындагы Мамлекеттик Түштүк резиденциясында өткөрүлөт. Өкмөт Аппаратынын уюштуруу инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эргешов маалымдагандай, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин окутуу иши 6-апрелден 20-апрелге дейре КР Президентинин Ош шаарындагы Мамлекеттик Түштүк резиденциясында жүргүзүлөт. Өкмөт башчы өзгөчө көңүлдү машыктыруулардын кесипкөйлүгүнө жана квалификациясына буруу керектигин билдирди. “Окутуу натыйжасы иш жүзүндө көрүнүшү абзел. Кызматкерлер үчүн окутуулар алгач ирет жүргүзүлүүдө, жана биз үзгүлтүксүз окутуу тажрыйбасын улантуубуз керек», — деп белгиледи ал. Окутуу учурунда КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Аппаратынын жоопкерчиликтүү кызматкерлеринин, республиканын көрүнүктүү коомдук-саясый ишмерлеринин, мамлекеттик башкаруучулардын жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатындагы эксперттердин катышуусунда семинарлардын өткөрүлүшү пландаштырылууда.

[su_carousel source="media: 51473,51474,51475" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү