23

Сентябрь

2014

Өкмөт калк менен байланышуунун жаңы ыкмаларын киргизүүдө

Бүгүн,23-сентябрда,“Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында КР Өкмөтүнүн жаңы веб-сайтынын (www.gov.kg), КР мамлекеттик органдарына жарандардын электрондук кайрылуу интернет-порталынын (www.kattar.kg) жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин «он-лайн» режиминдеги коомдук кабылдамасынын бетачары болуп өттү.

Аталган иш-чара КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин, БУУ тутумунун Туруктуу координатору, Кыргызстандагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү Александр Аванесовдун, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жарандык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда болду.

КР Өкмөтүнүн жаңыртылган расмий веб-сайты пайдаланууга ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп, заманбап дизайнга ээ, социалдык тармактар менен интеграцияланган, ошондой эле “Жарандардын он-лайн кайрылуусу”, “ЖМК он-лайн аккредитациялоо”, “Пресс-релиздерди жана нормативдик-укуктук актыларды таратуу”, “Электрондук аймак”, КР Өкмөтүнүн жыйындарын видеотрансляциялоо сервисин колдоо үчүн үзгүлтүксүз видео жана аудиону камсыздоо, уюлдук түзүлүштөр үчүн сайттын жеңилдетилген версиясы сыяктуу бир катар кошумча милдеттери каралган.

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук кайрылуусу” интернет-порталы КР Өкмөтүнүн калк менен байланышын жакшыртууга шарт түзөт. Тактап айтканда, ал өлкөдө жана андан тышкары жүргөн жарандарга өз сунуш, суроолору менен түздөн-түз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жетекчилерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызматтык жактарга кайрылуусуна мүмкүндүк түзөт.

Портал жарандардын электрондук кайрылуусун кабыл алуу жана иштеп чыгуу процессин автоматташтырууну камсыздаган жалпы маалыматтык тутумду билдирет. Сайтта кайрылуулар боюнча көрсөтмө жана видео-сабактар коюлган, ошондой эле сайттын ар-бир колдонуучусу кайрылуулардын санын көрө алат. www.kattar.kg интернет-порталы аркылуу жөнөтүлгөн жарандардын виртуалдуу кайрылуусу кагаздагы документтер менен катар эле бирдей юридикалык күчкө ээ болот. Аталган демилге Өкмөттүн калк менен өз-ара байланышын жакшыртуу жана маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында ишке ашырылган.

КР Премьер-министринин коомдук кабылдамалар тармагын видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен түзүү иши КР Өкмөтүнүн демилгеси боюнча, БУУӨП жана Ачык коом фондуларынын “Потенциалды өнүктүрүү механизмдери” долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Учурда тармакка өлкө боюнча 63 түйүн: КР Өкмөтүнүн Чоң залы видеоконференцбайланыш сервери менен видеобайланыштын бир убакта кошулуусу, КР Президентинин мамлекеттик резиденциясы, облустук деңгээлдеги 9 түйүн (7 облус жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриясы), райондук деңгээлдеги 52 түйүн (40 район жана 12 облустук маанидеги шаар) кошулган. Аталган видеоконференцбайланыш тутумунун жардамы аркылуу Өкмөттүн губернаторлор жана акимдер менен пилоттук видеоконференцбайланыш жыйындары болуп өткөн. Тутумду КР Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен калк ортосундагы баарлашуу жана КР Өкмөтүнүн жыйындарын өткөрүү үчүн пайдалануу пландаштырылууда. Видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу чечимдерди кабыл алуу процессин ыкчамдатууга, убакыт жана каражатты үнөмдөөгө, КР Өкмөтүнүн чечимдерин аткарылыш процессин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү