04

Апрель

2015

Өкмөт 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кайгылуу окуяларда каза болгондордун эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө 100 миң сом бөлөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнүн резервдик фондунан Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрациясына Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы 2002-жылдын 17-мартындагы кайгылуу окуяларда каза болгондордун эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө 100 миң сом бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна кол койду. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында укук коргоо органдары тарабынан бийликтин зомбулугуна каршы чыккан куралсыз демонстранттарга карата ок атуучу куралдар пайдаланылган. Натыйжада Аксы районунун алты тургуну алган жаракаттан каза болгон.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү