11

Март

2015

Өкмөт тараптан технологиялык кошулуу үчүн акы төлөөнү караган Инженердик-техникалык тармактарга кошулуу боюнча эрежеге өзгөртүүлөр бекитилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2015-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 105-токтомуна кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасындагы Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартиби жана техникалык шарттарды сунуштоо эрежесине өзгөртүүлөр киргизилет. Аталган токтом аркылуу курулуп жаткан объектилердин инженердик тармактарга технологиялык кошулуусу үчүн бирдиктүү акы төлөөнү киргизүү, техникалык шарттарды алууда бир катар процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартиби жана техникалык шарттарды сунуштоонун жалпыга бирдиктүү жана экономикалык жактан негизделген, түшүнүктүү ачык-айкын эрежесин орнотуу каралууда. Бул өз кезегинде техникалык ресурстарды камсыздоочулардын балансындагы тармактарды реконструкциялоо жана алардын кубаттуулугун жогорулатуу үчүн топтолмо фондуларды түзүүгө мүмкүндүк берет. Коммуналдык тармактарга кошулуу боюнча иштеп жаткан эрежелерде кошулуу үчүн акы алуу жана эсептөө тартиби аныкталган эмес, ошондой эле тийиштүү жүк бирдиги үчүн кошулууга экономикалык жактан негизделген тарифтерди иштеп чыгуу тартиби каралган эмес. Натыйжада, бул коммуналдык компаниялар тарабынан жаңы абоненттер үчүн техникалык шарттарды каалагандай орнотууга, курулуштун өздүк наркын негизсиз жогорулатууга жана техникалык шарттарды алууда коррупциялык схемалардын келип чыгуусуна мүмкүндүк берген. Кабыл алынган токтом ошондой эле бизнес үчүн бир катар оңдуу ченемдерди камтыйт. Тактап айтканда, техникалык шарттарга камтылчу өзгөчө маалыматтардын тизмеси орнотулат. Алардын иштөө мөөнөтүн узартуу мүмкүндүгү киргизилет. Курулуш объектисинен 100 м аралыкта тийиштүү кубаттуулук менен камсыздоо мүмкүндүгү орун алган кезде, мындан ары карай камсыздоочу тийиштүү кубаттуулукту кошулуу түйүндөрүнө резервдик кубаттуулуктан, ошол эле учурда инженердик-техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралардын эсебинен ишке ашыруусу керек. Аталган иштер аткаруучунун атайы эсебинде чогултулган курулуп жаткан объектилерди кошу үчүн зарыл болгон каражаттардын эсебинен ишке ашырылуусу тийиш. Эгерде мындай иш-чараларды аткаруу үчүн куруучу тартылса, анда кошулуу үчүн төлөө акысы аткарылган иштердин наркына жараша өзгөртүлүшү тийиш. Ошондой эле мындан ары карай инженердик тармактарга келчү жүктү өзгөртүүсүз түрдө объектилерди кайрадан пландаштырууда жаңы техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт. Техникалык шарттарды алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн схемалары ишкерлерге уюштурууга кетчү убакытты кыскартууга, ал эми алдын ала бекитилген кошулуу үчүн жана кошулуу түйүндөрүнүн аралыгы тууралуу сунуштамалардын тарифи өз чыгымдарын алдын-ала болжолдоого жана обьектинин өздүк наркын түзүүгө мүмкүндүк берет. Техникалык ресурстарды камсыздоочулар кошулуу үчүн төлөнгөн каражаттар эсебинен колдогу тармактарды реконструкциялоо жана кубаттуулугун жогорулатуу үчүн инвестициялык фонддорду уюштуруу мүмкүндүгүнө ээ болот, бул мамлекеттин инфраструктураны жакшыртууга жана өнүктүрүүгө кеткен дотациясын кыскартууга шарт түзөт. Мындан тышкары, бардык куруучулар үчүн бирдей шарт түзүлүп, техникалык шарттарды алуудагы коррупциялык көрүнүштөр кыскарат. Токтом долбоору Экономика министрлиги тарабынан инженердик коммуникациялар инфраструктурасына жеткиликтүүлүктү камсыздаган курулуш компания жана мекемелеринин катышуусунда иштелип чыккан.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү