02

Февраль

2015

Өкмөт “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө Келишимдин корпоративдик-укуктук маселелери боюнча пикир келишпестиктер тизмесин кыскарта алды

Бишкек шаарында «Центерра Голд Инк.» компания өкүлдөрү менен “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр раунду жыйынтыкталды. Сүйлөшүүлөр процессин эки тараптан тең эл аралык консультанттар коштоду. Жолугушуулар жана консультациялар жыйынтыгы боюнча тараптар корпоративдик-укуктук маселелер боюнча пикир келишпестиктер тизмесин кыскартууга, экология жаатындагы АМЕС компаниясынын сунуштарын ишке ашыруу маселеси боюнча көз-караштарды жакындаштырууга жетише алды. Мындан тышкары, жакын арада келечектеги реструктуризациянын бардык финансы-экономикалык аспектилерин такташтырууну жыйынтыктоо боюнча биргелешкен кадамдар аныкталды. Тараптар кезектеги консультацияларды ушул жумада Москва шаарында юристтер жана эл аралык консультанттар деңгээлинде жүргүзүүнү макулдашып, алдыдагы сүйлөшүүлөрдү тездетилген темпте жүргүзүү ниетин билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү