26
Ноябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрайымы Гүлмира Шакирова байланышта
Эртең, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрайымы Гүлмира Шакирова “Министр байланышта” акциясына катышат.
Эртең менен Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун жетекчиси «Биринчи радионун» түз обосуна катышып, анда радиогуучулардын суроолоруна жооп берет.
Саат 11.00 “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде Фонд жетекчилигинин катышуусунда басма сөз жыйынын өтөт.
Ошондой эле КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы «Эркин Тоо», «КыргызТуусу» жана «Слово Кыргызстана» гезитинин кабарчыларына интервью берет.
Ушул эле күнү аталган акция алкагында Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун аймактык башкармалык жетекчилери жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган кызматкерлери жана ардагерлери, ошондой эле аймактык ЖМК өкүлдөрү менен жолугушмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү