20

Ноябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Назарбеков “Министр байланышта” акциясына катышат

Бейшембиде, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Назарбеков “Министр байланышта” акциясына катышат. Эртең менен Марат Назарбеков «Биринчи радионун» түз эфирине чыгып, анда ал радиоугуучулардын суроолоруна жооп берет. Андан соң Кыргызпатенттин жыйындар залында “Ишкердүүлүктөгү интеллектуалдык менчиктин ролу” темасына арналган басма сөз сессиясы Марат Назарбековдун катышуусунда өтмөкчү. Аталган жолугушууда жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөөрү менен заманбап бизнестеги товардык белгилердин мааниси тууралуу маселе талкууланып, ошондой эле Кыргызпатенттин жетекчилигинин жана адистеринин ЖМК өкүлдөрү үчүн интервьюсу пландаштырылган. Мындан тышкары, “Министр байланышта” акциясынын алкагында Кыргызпатент башчысы «Объектив», «Кыргыз Туусу», «Эркин-Тоо», «Фабула» гезиттеринин жана “Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинин кабарчыларына интервью берет. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү