10
Октябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы “Министр байланышта” акциясына катышат
Дүйшөмбүдө, 13-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында “Министр байланышта” акциясына катышат.
Саат 08.30 да «Замана» студиясынын таңкы берүүсүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов телекөрүүчүлөрдүн алдына чыгат. Ал эми саат 9.00 Биринчи радионун түз обосунда радио угуучулардын суроолоруна жооп берет.
Андан соң, саат 11.00 «Кабар» маалымат агенттигинде аталган кызмат жетекчилиги үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берет.
Ошондой эле Замирбек Осмонов «Слово Кыргызстана», «Российская газета» гезиттерине жана «Азаттык», «МаралFm» радиостанцияларына интервью берет. Андан соң ал «5 каналдын» «Мнение — Пикир» программасына жана ЭлТРдин түз обосуна катышат.
Ошол эле күнү Замирбек Осмонов Кыргызстан Жаш ишкерлер ассоциация мүчөлөрү менен жолугушуусу пландаштырылган. Мындан тышкары, МСК төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов НБТ каналынын түз эфирине катышат. Аэми ведомствонун статс-катчысы Карагул уулу Жакып «ММКызмат» гезитинин журналисттерине интервью берет.
Ошондой эле акция алкагында МСК жетекчисинин орун басарлары бир катар ЖМК интервью берип, ишкерлер жана салык төлөөчүлөр менен жолугушат. Ведомствонун түзүмдүк подразделениелеринин жетекчилери МСК маалымат кызматы - Call-борборуна жана Бишкектин базарларынын бирине барып, анда салык төлөөчүлөр менен жолугушуусу пландаштырылган.
“Министр байланышта” акциясынын негизги иш-чарасы катары жалпы ведомствого караштуу жана аймактык салык органдарында жергиликтүү ЖМК жана салык төлөөчүлөрдүн катышуусу менен салык маселеси боюнча семинар-кеңешмелер өткөрүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү