18

Октябрь

2014

КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы “Министр байланышта” акциясына катышат

Дүйшөмбүдө, 20-октябрда, “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы “Министр байланышта” акциясына катышат.

Эртең менен саат 08.00 КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМК төрагасы «Замана» студиясынын таңкы телепрограммасына катышат, ал эми саат 9.00 “Биринчи радионун” түз обосунда Советбек Арбаев радиоугуучулардын суроолоруна жооп берет.

Ушул эле күнү КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды өтөө мамлекеттик кызматынын имаратында жарандык сектордун жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стөл өтөт.

Ошондой эле аталган акция алкагында ЖАМК жетекчилиги «Вечерний Бишкек», «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Ачык саясат», «Ачык сөз», «Леди.kg» жана «Туран» гезиттеринин журналисттерине интервью берет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү