21
Октябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамкызматынын төрагасы “Министр байланышта” акциясына катышат
Бүгүн, 21-октябрда, “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов “Министр байланышта” акциясына катышат.
Саат 09.00 Санжар Муканбетов “Биринчи радионун” түз обосунда радио угуучулардын суроолоруна жооп берет.
Саат 11.00 «Кабар» Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинде ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйыны өтөт.
Ошондой эле аталган акция алкагында Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов «Кыргыз Туусу» гезитине интервью берет.
Ушул эле күнү саат 16.00 Кыргыз фондулук биржасынын имаратында КР Өкмөтүнө караштуу Финкөзөмөл кызматынын Аткаруучу кеңешинин көчмө жыйыны өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү