23
Октябрь
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы “Министр байланышта” акциясына катышат
Бүгүн, 23-октябрда «Ачык Өкмөт» акциясынын алкагында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов “Министр байланышта” акциясына катышат.
Күндүн башталышында Адамкул Жунусов «Азаттык» радиосуна интервью берип, ал эми кечкисин «ЭлТР» каналындагы “Күн маек» программасына катышат.
Ушул эле күнү Ош шаарында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызмат жетекчилигинин басма сөз жыйыны өткөрүлөт.
Ошондой эле акция алкагында Адамкул Жунусов «Вечерний Бишкек» гезитине интервью берип, ал эми аталган кызмат жетекчисинин орун басары Талас облусуна барып, облустук телевидение аркылуу Мамлекеттик бажы кызматынын аткарган иштери жана алдыга коюлган милдеттери туурасында айтып берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү