04

Февраль

2021

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

img

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Улукбек  Мариповго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

Ал белгилегендей, Россияны жана Кыргыз Республикасын достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турат.

"Сиздин Өкмөттү жетектөөдөгү ишмердүүлүгүңүз эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык кызматташтыкты, Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы интеграциялык өз-ара аракеттешүүнү мындан ары карай тереңдетүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишенем",- деп айтылат куттуктоодо.

Өкмөт төрагасы Михаил Мишустин Премьер-министр Улукбек Мариповго ден-соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматтагы ийгиликтерди каалады.