05
Декабрь
Социалдык фонд төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев “Министр байланышта” акциясына катышат
Бүгүн, 5-декабрда, “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев “Министр байланышта” акциясына катышат.
Эртең менен саат 08.00 Мухамметкалый Абулгазиев КТРК «Замана» программасына катышып, анда “Ыктыярдуу түрдө төлөнгөн каражаттар салым киргизген жактын эсебине өз таасирин тийгизиши үчүн кандайча көзөмөл керек?” темасынын тегерегинде талкуу жүрмөкчү.
Саат 11.00 «Кабар» Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинде КР Социалдык фонд жетекчилигинин катышуусунда басма сөз жыйыны өтөт.
Саат 12.00 Соцфонд төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев «Кыргыз-Туусу», «Слово Кыргызстана» жана «Вечерний Бишкек» гезиттерине интервью берет.
Ошондой эле “Министр байланышта” акциясынын алкагында шейшемби күнү, 9-декабрда саат 9.00 М.Абулгазиев «Биринчи радионун» түз обосуна катышып, радиоугуучулардын суроолоруна жооп берет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү