27
Ноябрь
Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди
Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Манас 2» эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.
Уюмга Россия Федерациясы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасы мүчө болуп саналат.