12
Декабрь
Премьер-министр Ж. Оторбаев: «Мамлекетте көзкарандысыз жана акыйкат сот тутумусуз ыңгайлуу инвестициялык абал түзүлүп, коомдун ийгиликтүү өнүгүүсү орун албайт»
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун негизделгендигине 90-жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарадагы сүйлөгөн сөзүндө Өкмөт башчы Жогорку соттун өнүгүү жолу жөнөкөй болбогондугун белгиледи. «Сот тутумунун калыптанышы жана өнүгүүсү биздин мамлекеттин тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Кыргызстан көзкарандысыздыкка жетишкен учурдан тарта республиканын сот тутумунда маанилүү өзгөрүүлөр орун алган. Учурда кыргыз сот тутуму реформаларга муктаж болгон баскычтан ашып өтүүдө», — деди Жоомарт Оторбаев.
21-кылымда коомду өнүктүрүү үчүн зарыл талап катары кынтыксыз жана натыйжалуу сот тутуму болуусу абзел. «Көзкарандысыз жана акыйкат сот – бул ар-бир мамлекеттин негизин түзөт. Дүйнөдө кандай гана мамлекет болбосун, өзгөчө өнүккөн мамлекеттерде, мындай сот тутумусуз ыңгайлуу инвестициялык абал түзүлүп, коомдун ийгиликтүү өнүгүүсү орун албайт», — деп кошумчалады Премьер-министр.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, сот тутумунун ишинин натыйжалуулугу президент жана мамлекеттин көңүл борборунда турат, ошондуктан сот бутагына жогорку талаптар коюлууда.
Мындан тышкары, Премьер-министр маалымдагандай, мамлекеттин соттук тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында Өкмөттүн 2014-жылдын 19-мартындагы токтому аркылуу максаттуу программа иштелип чыгып, бекитилген. Аны ишке ашыруу үчүн Өкмөт аркылуу бир катар токтомдор кабыл алынган. Анын бирине ылайык, сот тутумунун кызматкерлеринин жана соттордун айлык акысы жогорулатылган.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Өкмөт сот тутумуна колдоо көрсөтүү үчүн өз күчүн жумшоодо. Акыркы жылдары аталган тутумду каржылоонун өсүүсү байкалууда. «Тактап айтканда, 2012-жылы сот тутуму үчүн 444 млн сом бөлүнгөн, ал эми 2015-жылы 1 млрд ашуун сом бөлүү пландаштырылууда», — деди Өкмөт башчы жана аталган тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык чаралар кабыл алынаарын белгиледи.
Өз куттуктоо сөзүн жыйынтыктоодо Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун айрым сотторуна сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн грамоталарды тапшырды.
[su_carousel source="media: 47420,47421,47422,47423,47424,47426,47427,47428,47429" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү