19

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев Улуу Ата-мекендик согуштагы жеңиштин 70-жылдыгын белгилөө жана ага карата даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында 2015-жылы Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 70-жылдыгын белгилөө жана ага карата даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 70-жылдыгы 2015-жылкы улуттук деңгээлдеги эң ири иш-чаралардын бири болуп саналат. “Биз үчүн тарыхый мааниси бар 9-майга дейре абдан аз убакыт калды. Жеңиштин 70-жылдыгын белгилөө жана ага карата даярдык көрүү боюнча бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө жана жогорку деңгээлде өткөрүлүшү керек», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев жана мамлекеттик орган жетекчилери аталган иш-чаранын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти алаарын кошумчалады. Жыйын жүрүшүндө министрликтер жана аймактардагы Өкмөт өкүлдөрү Улуу жеңишти майрамдоо боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча отчет беришти. Социалдык өнүктүрүү министрлиги Улуу Ата-мекендик согуш ардагерлерине жыл сайын бир ирет берилүүчү кошумча акчалай жөлөкпул көлөмүн жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуусу боюнча маалымат берди. КР Коргоо министрлиги аскердик парадды уюштуруу боюнча даярдык иштери тууралуу маалымат берди. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ЖМКда Улуу ата-мекендик согуштун катышуучуларына, ооруктагы эмгекчилердин кажыбас кайратына арналган тематикалык рубрикаларды уюштуруу тууралуу тапшырманын аткарылышы тууралуу отчет берди. Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү мекемелериндеги жарандык-патриоттук тарбия иштеринин үч айлыгын уюштуруу тууралуу маалымдады. Өкмөт башчы өз кезегинде билим берүү мекемелериндеги жарандык-патриоттук тарбия боюнча иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өкмөт өкүлдөрү Кыргызстандын бардык облустарында пландаштырылып жаткан кошумча жана көмөк көрсөтүүчү иш-чаралар боюнча маалымат берип, согуш ардагерлеринин социалдык жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу билдиришти. Талкуу жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага мамлекеттик органдар тарабынан ардагерлерди Москвада өтүүчү Жеңиштин 70-жылдыгын майрамдоого катышуусу үчүн жөнөтүүнү чечүү маселесин көзөмөлгө алууну тапшырды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ардагерлердин учуусун уюштуруу үчүн Кыргызстан авиакаттамдары менен биргеликте маселени иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Жеңиштин 70-жылдыгын майрамдоону чагылдыруу боюнча медиа-планды даярдоо, ошодой эле журналисттер арасында патриоттук тарбия берүү темасын мыкты чагылдыруу боюнча сынак өткөрүүнү уюштуруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.

[su_carousel source="media: 51815,51816,51817,51818,51819" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү