21

Апрель

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

20-апрелде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2015-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгы улуттук маанидеги ири окуя болуп саналат. Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу керек», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев, уюштуруу комитетинин жыйынын ачууда. Премьер-министр кошумчалагандай, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча иш мурда коюлган тапшырмалар алкагында өз мөөнөтүндө жүргүзүлүүдө. Жыйын жүрүшүндө министрликтер жана аймактардагы Өкмөт өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2015-жылдын 18-мартында өткөрүлгөн кеңешме жыйынтыгы боюнча коюлган бир катар тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчетторун сунуштады. Тактап айтканда, Социалдык өнүктүрүү министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарына кошумча түрдө бир ирет берилүүчү акчалай жөлөкпул көлөмүн жогорулатуу боюнча жүргүзгөн иши тууралуу маалымдады. КР Коргоо министрлиги аскер парадын уюштуруу боюнча даярдык иштери, ардагерлерге “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 70 жыл” юбилейлик сыйлыктарды даярдоо жана тапшыруу боюнча маалымдады. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ЖМКларда Жеңиштин 70 жылдыгын чагылдыруу, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандык ардагерлер тууралуу даректик тасманын даярдалышы, ошондой эле журналисттер арасында патриоттук теманын мыкты чагылдырылышы боюнча сынак өткөрүүнү уюштуруу боюнча иштер тууралуу отчет берди. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ардагерлерди толук медициналык кароодон өткөрүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымдады. Маалыматка ылайык, 1426 ардагер кароодон өткөрүлгөн. Өкмөт башчы Москва шаарында өтүүчү майрамдык иш-чараларга катыша турган Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерин тыкыр текшерүүдөн өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Өкмөт өкүлдөрү Кыргызстандын бардык облустарында пландаштырылган кошумча иш-чаралар жана көмөк көрсөтүү чаралары тууралуу маалымдады. Мындан тышкары, жыйын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерин Москва шаарында өтүүчү майрамдык иш-чараларга катышуусу үчүн жөнөтүү, ошондой эле Бишкек шаарында 9-майдагы майрамдык иш-чараларды өткөрүү маселеси талкууланды. Талкуу жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы КР ТИМ жана Коргоо министрлигине согуш ардагерлеринин Москвадагы Жеңиш парадына катышуусун камсыздоону тапшырды. Транспорт жана коммуникация министрлигине Кыргызстан авиакаттамдары менен ардагерлердин учуусун уюштуруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. КР Социалдык өнүктүрүү министрлигине үстүбүздөгү жылдын 9-майына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ар-жылкы акчалай көмөкпулду төлөп берүүнү камсыздоо тапшырылды. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандык ардагерлер тууралуу даректик тасманы кеңири тартуулоосу; Бишкек шаарындагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо жөнүндө кеңири масштабдагы тасманы даярдоосу, ошондой эле журналисттер арасында патриоттук теманы мыкты чагылдыруу боюнча сынакты бюджеттен тышкаркы каржылоо боюнча ишти тездетүү тапшырылды. КР Билим берүү жана илим министрлигине билим берүү мекемелеринде Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүүнү активдештирүү тапшырылды. КР Өкмөтүнүн аймактагы өкүлчүлүктөрүнө, Бишкек жана Ош шаар мэрлерине республиканын бардык шаар жана райондорунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралардын өткөрүлүшүн камсыздоо тапшырылды. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жогоруда аталган иш-чараларды каржылоо процессин тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары, Жоомарт Оторбаев 2015-жылдын 9-майында Бишкек шаарында өткөрүлгөн иш-чараларга даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө жоопкер министрлик, ведомство жетекчилерине, Бишкек шаарынын мэрине иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 53638,53639,53640,53641,53642" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү