12
Март
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди
Бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн учурдагы аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын акыркы 2 айы ичинде республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүүсү байкалууда. Кирешелер планы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик Бажы кызматы тарабынан аткарылган. Алсак, 2015-жылдын январь-февраль айларында республикалык бюджетке ресурстардын түшүүсү 19 млрд 102,1 млн сомду түздү.
Бирок Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү болжолдорун эске алуу менен кошумча резервдерди издөө зарылдыгын белгиледи. «Аймактык экономиканын өнүгүү темпинин жайлашы биздин социалдык милдеттенмелердин оңдолуусуна алып келбеши тийиш. Өкмөт аларга карата эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизбейт», — деди ал.
Премьер-министрдин пикиринде, Кыргызстандын эң чоң резервдеринин бири катары көмүскө экономиканын мыйзамдаштырылышы болуп саналат. «Ар-кыл эксперттердин баамында, республикадагы көмүскө экономиканын көлөмү 40-60% жетет. Бул абдан чоң сандар, ошондуктан жалпыбыз биригип, аны мыйзамдаштырууну колго алуубуз керек», — деп эсептейт Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы эске салгандай, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынып, анда коммерциялык банктардын өлкөдөгү накталай эмес төлөмдөр үлүшүн кеңейтүүсүнө түрткү берүү максатында ташылып келинген банк жабдууларын КНСтен бошотуу каралган. «Биринчи баскычта Өкмөттүн токтому кабыл алынып, ага ылайык, соода эрежелеринин жыйындысы бекитилет. Ага жараша, тийиштүү көлөмдөн ашык аянтка ээ болгон соода түйүндөрү POS-терминалга ээ болуусу керек. Андан соң биз Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү пландаштыруудабыз, ага жараша, акысыз төлөмдү ишке ашыруучу субьектилердин сатыгынан алынган салык көлөмү азайтылат. Натыйжада, биз көмүскө накталай төлөмдөн арылабыз», — деди ал.
Мындан тышкары, Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу алкагында бажы жана салык төлөмдөрү терең түрдө мыйзамдаштырылат.
Өкмөт башчы кеңешме катышуучуларына башка мамлекеттердин накталай эмес төлөмгө жана акча каражаты агымын башкарууга өтүү жаатындагы тажрыйбасын иликтөө тапшырмасын берди.
Талкуунун жыйынтыгында Премьер-министр тийиштүү ведомство жетекчилерине банк эсептерин башкаруу, көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу үчүн акча каражатынын механизмдерин аныктоону тапшырды. Экономика жана Финансы министрлигине чарба субьектилеринин жана физикалык жактардын эсебин администрациялоо жаатында сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.
[su_carousel source="media: 51468,51469,51470,51471" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү