24
Февраль
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Милициянын ишинин натыйжалуулугу мындан ары карай коомчулук тарабынан бааланат”
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-февралындагы № 81 ”Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн комплекстүү баалоо негиздери жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна кол койду.
Акыркы 20 жыл аралыгында орун алган ички иштер органдарын баалоо тутуму кылмыштуулукту ачуу көрсөткүчүн өткөн жылдын тийиштүү көрсөткүчтөрүнө пайыздык катышта салыштырууга негизделген жана калктын милицияга карата мамилесин жана ишенимин чагылдырган эч кандай критерийлерди камтыган эмес. Мындай мамиле кылмыштуулукту жашыруу, кылмыш ишин козгоодон мыйзамсыз баш тартуу, фальсификациялоо тажрыйбасын жайылтууга шарт түзүп, коом тарабынан милицияга карат ишеним деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзүлгөн эмес. Укук коргоо тейлөөсүнүн негизги керектөөчүсү болгон калк ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн баалоо процессинен толугу менен алынып салынган.
Сунушталган ыкмага ылайык, ички иштер органдарын баалоо тутумунан өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата катталган жана ачылган кылмыштардын пайыздык катыштагы саны тууралуу салыштырмалуу маалыматтардын пайдаланылышы четке кагылат. Ички иштер орган кызматкерлерин жеке баалоо киргизилет, ал кызматтык милдеттин аткарылышына, кесиптик-жеке мүнөздөмөсүнө негизделип, мында иштин сапат жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жеке сунуштардын берилиши каралат.
Сунушталып жаткан комплекстүү баалоодо милиция ишинин негизги натыйжалуу көрсөткүчү катары ички иштер органдарына түшкөн арыздарга өз убагында жана толук жооп кайтарылышына жана жарандардын бузулган укугун калыбына келтирүү боюнча милиция тарабынан кабыл алынган чараларга, тийиштүү укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоосуна баа берүү орнотулат. Тышкы баалоо ички иштер органдарынын иши тууралуу коомдук пикирди жана коомдук алдын алуу борборлордон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка кызыкдар коомдук топтордон түшкөн маалыматтарды талдоого негизделет.
Күтүлүп жаткандай, Комплекстүү баа берүүнүн негизги жоболору ички иштер органдарынын ишмердүүлүк натыйжалуулугун, сапатын жогорулатууга багыттоого, ар-бир кызматкердин жеке жоопкерчилигин жана кесипкөйлүгүн жогорулатууга, башкаруу сапатын жакшыртууга жана калктын ички иштер органдарга карата ишеним деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 220-токтому тарабынан бекитилген жана коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоонун натыйжалуу тутумун түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча ИИМ иштиктүү тобу тарабынан иштелип чыккан. Токтомду иштеп чыгуу ЕККУ эксперттик колдоосу жана “Реформалар жана жыйынтык үчүн” жарандык бирлигинин жана башка коомдук уюмдардын тыгыз колдоосунда ишке ашырылган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү