21
Январь
Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Кыргызстан экономикасы мамлекеттик-жеке өнөктүк долбоорун ишке ашырууга муктаж»
Бүгүн, 21-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Эл аралык финансылык корпорациянын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлору аркылуу жеке сектордун инфраструктурага инвестицияларды тартуусу боюнча форумуна катышты.
Форумда сүйлөгөн сөзүндө Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан экономикасы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууга өтө муктаж болуп саналат.
Ал билдиргендей, Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам үч жыл мурун кабыл алынган. «Мыйзам кабыл алынган соң, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору дароо баштала тургандай сезим жаралган. Бирок бүгүнкү күнгө дейре натыйжалар жок», — деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчынын пикиринде, МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун кармалышынын объективдүү жана субъективдүү себептери бар. «Объективдүү себеби болуп, республика экономикасынын алсыздыгы катары анын майда түрдө товар чыгаруусу саналат. Жеке сектор бул жааттагы долбоорлорду мамлекеттик институттар аркылуу демилгелөө жана алга жылдыруу үчүн өсүп жетиле элек. Субъективдүү себеп катары мамлекеттик органдардын аталган багытка жетишсиз көңүл буруусу эсептелет. Экономика министрлигинде аталган көйгөй менен алектенген бөлүм түзүлгөн. Алгач биз ченемдик укуктук базалар жетишсиз деп таап, аны акырындык менен түзө баштадык. Бир жыл мурда көйгөйдү чечүү үчүн бюджеттен каражаттар керектиги тууралуу чечимге келдик. Атайы фонд түзүлүп, 2014-жылы мындай долбоорлорду каржылап баштоо үчүн 2 млн доллар бөлүнгөн», — деп кошумчалады ал.
Премьер-министр белгилегендей, социалдык, билим берүү, укук коргоо жана саламаттык сактоо жаатында МЖӨ боюнча бир катар кызыктуу долбоорлор бар. «Саламаттык сактоо тармагында демилгени жеке сектор көтөрүп, алар жеке медицинанын өнүгүүсү адистер жана имарат түрүндөгү мамлекеттик ресурстарды тартуу аркылуу мүмкүн экендигин түшүнөт. Бул тармакта томографтарды, башка жогорку технологиялык жабдууларды сатып алуу боюнча долбоорлор каралууда. Аталган долбоорлордун дизайны боюнча, кызмат көрсөтүү жеке түрдө жүргүзүлөт, бирок мамлекет өнөк катары сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөн кардарларды тейлөөгө өзгөчө квота бөлүп берет», — деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, инфраструктураны өнүктүрүү, тактап айтканда, транспорт жана энергетика жаатындагы МЖӨ долбоорлору бар.
“МЖӨ долбоорлору өлкө экономикасына жана бизнеске реалдуу пайда алып келет. Биз аймактагы эң либералдуу экономика шартында бул маселе боюнча бир орунда тапталып турууга жол бербешибиз керек», — деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү