05

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Бул жыл кызматташуубузду тереңдетүү жана кеңейтүү көз-карашынан алып караганда, Кыргызстан жана Башкортостан үчүн өзгөчө жылдардан болот»

4-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасындагы Башкортостан Республикасынын Маданият жана илим күндөрүнүн ачылышы салтанатына катышты. Иш-чараны ачууда Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан жана Башкортостандын элин жалпы тарыхы, тили, маданияты, дини бириктирип турат. «Биз Башкортостан Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндөгү ийгиликтерине кубанабыз. Башкортостандын жетекчисинин чакыруусу боюнча Уфага барган кезде, мен чындыгында алардын зор жетишкендиктерине кубандым. Биз үчүн Башкортостан Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүү маанилүү», — деп билдирди Өкмөт башчысы. Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, башкыр тарап менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр алкагында экономика, социалдык, маданий-гуманитардык жана илимий жааттагы биргелешкен ишмердүүлүк пландары белгиленди. «Менин пикиримде, бул жыл кызматташуубузду тереңдетүү жана кеңейтүү көз-карашынан алып караганда, Кыргызстан жана Башкортостан үчүн өзгөчө жылдардан болот», — деди ал. Өкмөт башчы белгилегендей, быйылкы жылы Башкортостан Республикасына Кыргызстандын Маданий күндөрүн өткөрүүгө карата Кыргыз Республикасынын маданият жана илимий ишкерлерден турган делегациясы жөнөтүлөт. Жыйынтыгында Премьер-министр Башкортостандын Кыргызстандагы Маданият жана илим күндөрү эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы өнүгүшүнө чоң салымын кошоорун билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү