08

Апрель

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев жана Европа парламентинин депутаттары кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Европа парламентинин делегациясынын төрагасы Ивета Григуле жана Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту. Премьер-министр жолугушууну ачууда Кыргыз Республикасынын ЕБ менен саясый, соода-экономикалык кызматташуусунун кеңейишине умтулгандыгын билдирди. Жоомарт Оторбаев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жакынкы арадагы Европа өлкөлөрүнө жасаган сапары жана Брюсселдеги ЕБ институттарына баруусу Кыргызстан жана Евробиримдик аралык баарлашуусунун улантылышына жана тереңдетилишине жакшы мүмкүндүктөрдү бергендигин белгиледи. «Европа такшалган демократияга жетүүдө татаал жана турбуленттик мезгилди баштан өткөрдү. Биз жетилген жарандык коомду түзүү жолу боюнча ырааттуу кадам шилтөөгө жана өлкөдөгү демократияны түптөө маселесинде европалык өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алууга даярбыз», — деди Өкмөт башчы. Жоомарт Оторбаев ошондой эле Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү зарылдыгын баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр Кыргызстан — Европа биримдиги парламенттик кызматташуусу боюнча комитеттин кезектеги жыйынын алкагында Европа парламентинин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын конструктивдүү жана жемиштүү баарлашуусуна ишеним билдирди. Ошондой эле ал Европарламент депутаттарына үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде өтүүчү Кыргызстан парламентине шайлоолорго даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берди. «Акыйкат жана таза шайлоонун өткөрүлүшү өлкөдөгү туруктуулуктун шарты болуп саналат», — деди Жоомарт Оторбаев. Европа парламентинин делегациясынын өкүлү өз кезегинде европа тараптын Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө карата кызыкдарлыгын билдирди. Ал белгилегендей, ЕБ Кыргызстан жетекчилигинин өлкөдө демократия орнотуудагы иш-аракетине жогорку баа берет. Мындан тышкары, Европа парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстерди колдоого даярдыгын билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр жана Европарламент депутаттары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын интеграциялык процесстерге катышуусу боюнча, ошондой эле миграция жана туризм маселелерин талкуулады./p>

[su_carousel source="media: 53103,53104,53105,53106,53107" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү