15

Декабрь

2014

Премьер-министр Ж. Оторбаев жана Афганистан Өкмөт башчысы Абдулла Абдулла кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады

Бүгүн, 14-декабрда, Астана шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Афганистан Өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен жолугушту.

Жолугушунун башталышында Жоомарт Оторбаев афган элин жана Афганистан Өкмөтүн президенттик жана өлкөнүн провинциялар кеңешине болгон шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, алардын жыйынтыгы Афганистандын жана жалпы аймактын туруктуулугуна жана гүлдөп өнүгүүсүнө түрткү болооруна ишеним билдирди. Буга байланыштуу ал өз кесиптешин Афганистандын аткаруу бийлик башчылыгы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Андан соң Жоомарт Оторбаев эки өлкө ортосундагы мамилелердин оңдуу динамикасын белгилеп, ага жакынкы мезгилдеги Кыргызстандын Афганистан ислам республикасындагы (АИР) элчилигинин ачылышы жана КР тышкы иштер министринин Кабулга жасаган сапары, анын жыйынтыгы боюнча бир катар маанилүү өкмөт аралык келишимдерге кол коюлушу мисал боло алат.

“Биз эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогорулатууга умтулган КР Кабулдагы Элчилиги тарабынан алга жылдырылып жаткан демилгелерди жана аны ишмердүүлүгү АИР Өкмөтү тараптан колдоого алынаарына ишеним билдиребиз”, — деп кошумчалады Кыргызстандын Премьер-министри.

Жоомарт Оторбаев Афганистандагы жана жалпы аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо максатында афган аралык ыкка келүүнү колдоого Кыргызстандын даяр экендигин тастыктады. КР Премьер-министри Кыргызстан жана Афганистандын эл аралык жана аймактык уюмдар алкагындагы конструктивдүү кызматташуусун, негизги эл аралык маселелер боюнча эки өлкө багытынын шайкештигин жана алар боюнча бирдей пикирде экендигин белгиледи.

Андан соң тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Соода-экономикалык байланыш деңгээлин өнүктүрүү жагы өзгөчө белгиленди. Буга байланыштуу Жоомарт Оторбаев белгилегендей, келечекте Кыргызстандын Афганистан менен биргеликте ар-кыл тармактагы долбоорлорду өнүктүрүү мүмкүндүгү бар экендигин белгиледи. Суу-энергетикалык тармакта — өзгөчө биргелешкен долбоор катары CASA-1000 эсептелет, ал эми аймактык инфраструктураны өнүктүрүүдө — түштүк чыгыш Азияны Борбордук Азия, Европа жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштырган трансазиаттык коммуникациялык жолдорду куруу эсептелет.

Афганистан Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевди Афганистанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Ошондой эле Абдулла Абдулла афган адистерин КР ЖОЖдорунда даярдоонун оңдуу тажрыйбасын белгилеп кетти.

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы кыргыз тараптын колдогу мүмкүндүктү эске алуу менен, афган жаштарын КР ЖОЖдорунда даярдап чыгуу боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өзгөчө басым Афганистандагы этникалык кыргыздардын көйгөйүн, анын ичинде алардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, социалдык тейлөөлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана этникалык топ жана анын маданиятын сактап калуу маселесине жасалды.

Абдулла Абдулла Афган Өкмөтүнүн жергиликтүү кыргыздарга үзгүлтүксүз көмөк көрсөтүп турууга даярдыгын билдирди.

[su_carousel source="media: 47488,47489,47490,47491,47492,47493,47494" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү