04
Март
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев жана Башкортостан Республикасынын жетекчиси Р.Хамитов эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады
Бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Башкортостан Республикасынын жетекчиси Рустэм Хамитов менен жолугушту.
Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, кыска мөөнөт ичинде Кыргызстан жана Башкортостан кызматташуусунун бир катар багыттары аныкталган. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасында Башкортостан Республикасынын Маданият жана илим күндөрүн өткөрүлүшү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюну алкагындагы салтанаттуу иш-чараларга катышуусу, Кыргызстанга Башкортостан Республикасынын эки вице-премьер-министрлеринин жана бизнес-делегацияларынын келүүсүн мисал кылсак болот. «Россия Федерациясы Кыргызстандын маанилүү стратегиялык шериги болуп саналат. Буга байланыштуу биз Россия Федерациясынын субьектилери менен кызматташууга чоң үмүт артуудабыз. Тилибиздин, динибиздин, тарыхыбыздын жалпылыгы – бизди биргеликте иш алып баруубузга жакшы шарттарды түзөт», — деди Өкмөт башчы.
Премьер-министр белгилегендей, Башкортостан динамикалык түрдө өнүккөн инновациялык экономикага ээ. «Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрындагы келишимге кол коюлушу биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүндүктөрдү ачат», — деп эсептейт Жоомарт Оторбаев.
Башкортостан Республикасынын жетекчиси Рустэм Хамитов өз кезегинде белгилегендей, Кыргызстан жана Башкортостан ортосундагы мамилелер өнүгүүдө. “Менин ишенимимде, жакынкы арада биз экономикалык кызматташуулардын реалдуу жыйынтыктарын көрө баштайбыз», — деди ал.
Рустэм Хамитов ошондой эле агрардык, химиялык, мунай химиялык тармакта, Кыргызстандан Башкортостанга продукцияны экспорттоо жаатында кызматташууну жандандыруу зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык, туристтик жана гуманитардык тармактарда кызматташууну тереңдетүү маселесин талкуулашты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү