12
Декабрь
Премьер-министр Ж. Оторбаев жана Башкортостан Республикасынын ишкер чөйрө өкүлдөрү айыл чарба, өнөр жай жана туризм жаатындагы кызматташуу маселесин талкуулады
Бүгүн, 12-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россия Федерациясынын Президентине караштуу Башкортостан Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Артур Шайнуров жетектеген Башкортостан Республикасынын делегациясы менен жолугушту.
Премьер-министр коноктор менен саламдашууда кыргыз тарап Башкортостан Республикасынын бизнесмендеринин сапарына чоң маани берилээрин белгиледи.
Жоомарт Оторбаев маалымдагандай, анын үстүбүздөгү жылдын 2-3-декабрында Башкортостан Республикасына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча, Өкмөт башчы тараптан тийиштүү министрлик жана ведомстволорго Кыргызстан жана Башкортостан аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиясын түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.
Мындан тышкары, Айыл чарба министрлигине Башкортостан менен өз-ара тыгыз аракеттешүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган. «Мен, бул республикада болгонумда агроөнөржай комплекси жаатындагы ийгиликтерди көрүп, ыраазы болдум. Бизде жаратылыштык абалды, аба-ырайын эске алуу менен айыл-чарба продуктуларын натыйжалуу алмашуу жаатындагы көптөгөн мүмкүндүктөрүбүз бар», — деди Өкмөт башчы.
Ошондой эле Премьер-министр белгилегендей, учурда Кыргызстан жана Башкортостан кызматташуусу алкагында айыл чарба продукциялары боюнча соода-логистикалык борборлорун түзүү келечеги бар. «Сөз сиздердин түзүмдөр жана ишкерлер айыл чарба өндүрүшүнүн продукциялары мында даярдалуусу боюнча абалды түзүүсү тууралуу жүрүүдө», — деди ал.
Жоомарт Оторбаев Кыргызстан жана Башкортостандын туризм жаатындагы кызматташуу темасын да козгоп кетти. Анын пикиринде, эки өлкөнүн өз-ара аракеттешүүсүндө социалдык туризм долбоорун ишке ашырууга мүмкүн. «Россия Федерациясында калктын аялуу катмарын колдоо боюнча мампрограмма бар. Биз Кыргыз Республикасынын аймагын бул мамлекеттик буйрутманы ишке ашыруу үчүн пайдаланууну сунуштайбыз», — деди Премьер-министр.
Өкмөт башчы маалымдагандай, Башкортостан Республикасынын Президенти Рустэм Хамитовдун демилгеси боюнча, 2015-жылдын март айында Башкортостандын маданият жана искусство ишмерлеринин Кыргызстанга сапары пландаштырылууда. Ошондой эле ал кошумчалагандай, Башкортостан Республикасынын Президенти Кыргызстан тараптан өткөрүлгөн Бүткүлдүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жогорку баа берип жана мындан ары карай көчмөндөр маданиятын активдүү алга жылдырууну сунуштады.
Премьер-министр белгилегендей, кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктап, иш-аракеттин конкреттүү планын иштеп чыгуу зарыл. Анын пикиринде, бул Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирлигине кирүүсүндө маанилүү дем катары эсептелет, анткени, чекаралар ачылып, бажы текшерүүлөрү алынып, Кыргызстанда өндүрүлгөн продуктулардын сапаты сертификатташтырылат. «Биздин өлкөдө Башкортостандан көбүрөөк инвесторлор келүүсүнө кызыкдарбыз, алардын иштеши үчүн бардык шарттар бар», — деди Жоомарт Оторбаев.
Россия Федерациясынын Президентине караштуу Башкортостан Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Артур Шайнуров өз кезегинде белгилегендей, Башкортостан да Кыргызстан менен активдүү кызматташууга кызыкдар.
“Эки өлкө ортосундагы мамилелер жаңы сапаттык деңгээлге чыгуусу кажет. Башкортостан Президенти Рустэм Хамитов «Борборду Азияга терезе ачты». Биз эми жергиликтүү бизнес менен активдүү иштөөгө ниеттенүүдөбүз”, — деди Артур Шайнуров.
Ал маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын ишкерлери менен жолугушуу жыйынтыгы боюнча 3 контракт жана 4 келишимге кол коюлган.
Артур Шайнуров Бүткүлдүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тийиштүү маалымдагандай, башкыр тарап келерки таймаштарга катышууну пландаштырууда.
Россия Федерациясынын Президентине караштуу Башкортостан Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү билдиргендей, Кыргызстандын айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагы боюнча абдан чоң мүмкүндүктөрү бар. «Транспорттук-логистикалык комплексти өнүктүрүү алкагында көрүп тургандай, Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсү менен республиканын транспорттук мүмкүндүгү жогорулап, натыйжада, биздин кызматташуу мүмкүндүгүбүз да кеңейет», — деп кошумчалады ал.
Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр белгилегендей, Маданият министрлигине Башкортостан Республикасынын маданият жана искусство ишмерлеринин сапарынын программасын даярдоо тапшырмасы берилет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү