22
Ноябрь
Премьер-министр Ж. Оторбаев жана Швейцариянын Президенти Дидье Буркхальтер эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулады
Бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз республикасына иштиктүү сапар менен келген Швейцария Конфедерациясынын Президенти Дидье Буркхальтер менен жолугушту.
Жолугушууну ачууда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргыз Республикасы демократияны курууда бай тажрыйбага ээ болгон Швейцария менен кызматташууга кызыкдар.
«Швейцария Кыргызстандын маанилүү экономикалык шериги болуп саналат. Бирок биз дагы акыркы 4,5 жылда ийгиликтүү өнүктүрүп келе жаткан парламенттик демократияны куруу жаатындагы тажрыйба алмашуу боюнча ишти активдештирүүнү каалар элек. Демократиялык институттар жетилип, ал эми саясый мүнөздөгү бардык иш-чаралар көчөлөрдө эмес, парламентте өтүүдө», — деди Жоомарт Оторбаев.
Андан соң Өкмөт башчы белгилегендей, 2015-жылы өлкөдө парламенттик шайлоо өткөрүлсө, ал эми 2017-жылы президенттик шайлоолор өткөрүлмөкчү. Ошондой эле ал өлкөдөгү бийликти борбордон алыстатуу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүнүн пландары тууралуу маалымат берди.
Экономикалык кызматташуу маселесине тийиштүү Жоомарт Оторбаев белгилегендей, экономикалык байланыштардын динамикасы алга карай болгон ишенимди жаратууда.
Тактап айтканда, 2014-жылдын январь-сентябрь айында Швейцария менен товар жүгүртүү 304,3 млн АКШ долл. түздү. 2013-жылы Швейцариядан чет элдик инвестициялардын түз түшүүсү болжол менен 12,5 млн АКШ долларын түзгөн.
«Биз ачык экономиканы, ачык транзиттик коридорлорду куруп, чекараларды ачып жатабыз. Инвестициялык абалды, коррупцияга каршы күрөштү, эл аралык рейтингдеги абалды жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдөбүз. Швейцариялык бизнес-чөйрө өкүлдөрү Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн эске алуу менен, республика экономикасына каражатты активдүү инвестициялай алмакчы», — деди ал.
Өз кезегинде Дидье Буркхальтер Жоомарт Оторбаевге жолугушу мүмкүндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Швейцария, учурда ал жетектеп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюму катары эле Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар.
“ЕККУ менен Кыргызстан аралык кызматташуу деңгээли ырааттуу өнүгүп келе жаткандыгын белгилеп кетким келет. Менин пикиримде, Швейцария жана Кыргызстандын ортосунда көптөгөн жалпы маселелер бар жана биздин эки жана көп тараптуу кызматташуу форматындагы шериктештик узак мөөнөттүү келечекте чыңдала бермекчи», — деди Дидье Буркхальтер.
Андан соң Дидье Буркхальтер суу маселелерин чечүү, ошондой эле шайлоолорду өткөрүүдө тажрыйба алмашуу жаатында көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Швейцария жана ЕККУ колдоосу астында мында бир нече долбоорлор, анын катарында экологиялык теңсалмактуулукту сактоо, суу менен камсыздоо жана айыл тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо тутумун реконструкциялоо көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган гуманитардык тармакта дагы долбоорлор ишке ашырылууда.
[su_carousel source="media: 46182,46183,46184,46185,46186,46187" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү