28
Февраль
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Көмүскө экономиканын мыйзамдаштырылышы өлкөнүн жалпы экономикасынын өнүгүүсүнө чоң түрткү берет»
Бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын коммерциялык банк өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасындагы накталай эмес төлөм жана эсептешүүлөр көлөмүн жогорулатуу боюнча ведомство аралык комиссиянын 17-жыйыны болуп өттү.
Жыйынды ачууда, Премьер-министр эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча, юридикалык жана физикалык жактардын товарлар жана тейлөөлөр үчүн накталай эмес формада акы төлөөнү стимулдаштырууга багытталган Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдары кабыл алынган. Алсак, коммерциялык банктарды аймактардагы инфраструктурасын кеңейтүүгө карата стимулдаштыруу максатында ташылып келинүүчү банктык жабдууларды КНСтен бошотууну караган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган, ошондой эле камсыздоо төлөмдөрүн төлөөгө карата милдеттүү талап катары юридикалык жактын эсептик счетунан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептик счетуна каражаттын которулушу орнотулган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдүн жүргүзүлүшүнө жана товарлар жана тейлөөлөр үчүн накталай эмес формада акы төлөөнү стимулдаштырууга багытталган “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору киргизилген.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, учурда Өкмөт Кыргыз Республикасынын экономикасын 2015-жылы өнүктүрүү маселеси үстүндө иш алып барууда. «Биздин экономика өз өнүгүүсүндө тышкы факторлорго байланыштуу белгилүү кыйынчылыктарга тушугуп жаткандыгы тууралуу так түшүнүк бар. Мындай учурда биз резервдерди издешибиз керек, алардын арасында көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу жатат. Бул негизги резервди биз абдан натыйжалуу пайдаланышыбыз керек. Ар-кыл иликтөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгондой, өлкөдөгү көмүскө экономика көлөмү 40-60% жетет, башкача айтканда, 3 млрд долларга жакын ар-кандай бүтүмдөр аткарылат. Бул сумманын 25% гана мыйзамдаштырганда, өлкө бюджетине 10 млрд сомдон ашуун каражат чогултууга шарт түзүлөт. Мыйзамсыз экономиканы легалдаштыруу жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң көмөк берет», — деп эсептейт Өкмөт башчы.
Премьер-министр өлкөнүн банктык тутумуна тийиштүү билдиргендей, ал ырааттуу өнүгүүдө. «Өткөн жылы кредиттик портфель 50% өсүп, бирок бул жаатта белгилүү көйгөйлөр бар. 2014-жыл аралыгында банк аралык төлөм тутуму аркылуу жалпы суммасы1 млрд 513 млн сомдон ашуун эсептелген 3,6млн төлөм өткөрүлгөн. 2013-жылга салыштырмалуу аталган көрсөткүчтөр көлөмү боюнча - 80,3 % жана саны боюнча 31,3 % жогорулаган. 2012-жылга салыштырмалуу аталган көрсөткүчтөр тийиштүү түрдө 56,5% жана 121,8% жогорулаган», — деди ал.
Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Кыргызстанда 2014-жылдын 31-декабрына карата жүгүртүүдөгү банктык пластикалык карталардын жалпы саны 908 миң 908 даананы түзгөн. 2013-жылга салыштырмалуу алардын саны - 39,7%, ал эми 2012-жылга салыштырмалуу 235,2% көбөйгөн.
Премьер-министр Өкмөт тарабынан кабыл алынган чаралар накталай эмес төлөмдү ишке ашыруу үчүн багытталган банктык жабдууларды импорттоону көбөйтүүгө жана орнотууга мүмкүндүк берет.
Жыйын соңунда Өкмөт башчы белгилегендей, мындан ары карай накталай эмес төлөмдөрдү жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча ишти улантуу, жарандарды накталай эмес төлөмдүн өзгөчөлүгү тууралуу маалымдоо жана финансылык маданиятын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу, дистанциялык банктык тейлөөлөрдү көрсөтүү боюнча мүмкүндүктөрдү өнүктүрүү зарыл.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү