Кечээ, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2014-жыл үчүн иш жыйынтыгы жана 2015-жылга карата келечек пландар талкууланды.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт социалдык өнүктүрүү тармагын колдоого өзгөчө көңүл бурат. «Күчтүү мамлекет калктын аярлуу катмарын колдоого бардар жарандардан жана ири ишканалардан түшкөн салыктардан түшкөн каражатты багыттайт», — деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы кошумчалагандай, 2014-жылы калктын аярлуу катмарын социалдык жактан корго боюнча иш-чаралар аткарылган. 2014-жылдын 1-ноябрынан тарта кепилденген минималдык киреше көлөмү 10%, же 640 сомдон 705 сомго дейре жогорулатылган. Ошондой эле социалдык стационардык мекемелерде чоңдор үчүн тамактануу нормасы 55 сомдон 100 сомго жана балдар үчүн 65 сомдон 110 сомго дейре жогорулатылган. 2014-жылдын күз айларында 13,4 миң аз камсыздалган үй-бүлө 12,4 миң т. ашуун өлчөмдөгү бекер көмүр менен камсыздалган.
«Өткөн жылы 476 миң адамга социалдык колдоо көрсөтүлгөн. Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү жөлөкпулду - 310 миң адам, ал эми ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду 77,1 миң жаран алат. Ошол эле учурда Кыргызстанда 161 миң адам майып катары саналат. 2014-жылдын 1-январынан тарта социалдык кызматкерлердин айлык акысы 3800 сомдон 6500 сомго дейре жогорулатылган”, — деди ал.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, мамлекеттик социалдык буйрутма алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн спортту, анын ичинде паралимпиадалык спортту, психикалык жактан жабыркаган жактарга көмөк көрсөтүү тутумун өнүктүрүү, ошондой эле репродуктивдик ден-соолукту колдоо жана ишке ашыруу, майып-аялдардын репродуктивдик укугу боюнча 11 долбоор ишке ашырылууда.
Мындан тышкары, Премьер-министр министрлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына токтолду. Анын айтымында, ведомство сунуштап жаткан кызмат көрсөтүү сапатын баалоо индекси 2013-жыл жыйынтыгы менен салыштырганда 0,9% дан 7,1% чейин жогорулаган. «Калктын министрликке болгон ишеними 1,5%дан 7,7%га өскөн. Бул - министрликтин коомчулук менен жүргүзгөн ишинин натыйжалуу көрсөткүчү. Сиздердин ведомствого карата калк ишеним деңгээли канчалык жогору болсо, иш ошончолук натыйжалуу болот», — деди ал.
Өкмөт башчы министрлик эл аралык жана коомдук уюмдар менен биргеликте мамлекеттик жөлөкпулдарды белгилөөнүн даректүүлүгүн күчөтүү, Улуу Ата мекендик согуш ардагерлерин социалдык жактан коргоо, оор жашоо шартында калган үй-бүлөлөр жана балдарды социалдык колдоого алуу жана тейлөө көрсөтүүнү өнүктүрүү, ошондой эле зомбулукка кабылган балдарды адаптациялоо жана реабилитациялоо жаатында координациялоо жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча ишти улантаарына ишеним билдирди.
Ошондой эле ал медициналык-социалдык эксперттик комиссияны реформалоо боюнча ишти улантууну, эл-аралык тажрыйбага ылайык майыптуулукту аныктоонун жаңы ыкмасын иштеп чыгууну, ошондой эле социалдык көмөк көрсөтүүнүн корпоративдик маалыматтык тутумун киргизүү боюнча ишти улантуу тапшырмасын берди.
[su_carousel source="media: 48933,48935,48936,48937" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү