Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Премьер-министр жыйынды ачууда белгилегендей, Кыргызстан экономикасына тышкы факторлордун таасирине байланыштуу, тактап айтканда, аймактык экономиканын өнүгүү темпи жайлашына байланыштуу антикризистик программа иштелип чыккан. «Жакынкы арада биз аны бекитебиз жана бул программа алкагында иш алып барабыз», — деди Жоомарт Оторбаев жана болжолдонуп жаткан жоготууларды компенсациялоо үчүн кошумча резервдерди издөө зарылдыгын белгиледи.
“Буга байланыштуу Өкмөт тарабынан бизнести колдоо жаатында бир катар чаралар кабыл алынган. Биз жеке тармактын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү чечкиндүү түрдө улантабыз», — деди Премьер-министр.
Өкмөт башчы эскерткендей, Жогорку Кеңеш тарабынан банкоматтарды жана POC-терминалдарды ташып кирүүдө КНСтен бошотууну караган “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынган. «Мында өлкө бюджети болжол менен 100 млн сом жоготсо да, биз мындай чаралар кабыл алынган соң көмүскө экономиканы мыйзамдаштырууда олуттуу алга жылуу болооруна ишеним билдиребиз», — деди ал.
Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, банктык жабдууларды импорттоону 4-5 эсеге жогорулатуу жана алар менен жалпы өлкө боюнча бардык сатуу пункттарын камсыздоо пландаштырылууда. «Мындан тышкары, Өкмөттүн соода эрежелер жыйындысын өзгөртүүсү жөнүндө токтому кабыл алынат. Ага ылайык, тийиштүү аянтка ээ болгон соода-сервистик ишканалар милдеттүү түрдө POC-терминалга ээ болуусу керек. Ошондой эле соода түйүндөрүн накталай эмес төлөм формаларын пайдаланууга милдеттендирген Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке багытталган. Бардык чаралар расмий эмес экономиканы мыйзамдаштырууга өбөлгө түзүүгө багытталган», — деди ал.
Премьер-министрдин пикиринде, мыйзамдаштыруу үчүн дагы бир өбөлгө катары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кирүүсү эсептелет. «Расмий эмес тармактагы ири резервдерди биз экономиканы өнүктүрүү жана бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу үчүн пайдалануубуз керек», — деп эсептейт Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы ошондой эле мамлекеттик компанияларды башкаруу маселесин да козгоду. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, мамлекеттик компанияларды башкаруу жөнүндө токтомго кол коюлган. «Өкмөт директорлор кеңешине шайлоонун, кадр резервдерин тандоонун, иш талаптардын принциптерин олуттуу түрдө өзгөртөт. Мамлекеттик ишканаларда кесипкөй башкаруучулар болот. Ошондой эле мамлекеттик менчикти башкаруу концепциясынын акыркы баскычы кабыл алынган, анда башкаруу боюнча фундаменталдык маселелер так аныкталган», — деди ал.
Премьер-министр эскерткендей, 10-мартта Кыргыз Республикасындагы техникалык шарттарды сунуштоо жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу тартибинин эрежелерине өзгөртүүлөр тууралуу токтомго кол коюлган. «Бул тармакта көптөгөн башаламандыктар жана коррупция болгон. Биз курулуп жаткан үйлөрдүн инженердик тармактарга кошулуусунун бирдиктүү төлөм принцибин аныктадык. Мындан ары карай ар-бир бизнесмен тигил, же бул кошулуу үчүн канча акы төлөө керектигин билет. Бул абдан маанилүү маселе. Биз курулуш – экономикабыздын локомотиви деп билдирүү менен катар революциялык кадамдарды сунуштоодобуз, ага жараша биз уруксаат берүүчү органдар жана бизнестин өз-ара аракеттешүүсүндөгү жеке факторлорду олуттуу түрдө кыскарта алабыз», — деди Жоомарт Оторбаев.
Мындан тышкары, 12-мартта, Премьер-министр “Эксперттик уюмдар жана лицензиарлар тарабынан лицензияланууга тийиштүү экспорттолгон жана импорттолгон спецификалык товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна кол койгон. «Эми лицензиялардын саны 3 эсеге кыскарат, анын ичинде экспорт боюнча 18ден 6га дейре, импорт боюнча 7 ден 6га дейре кыскарат. Импорт жана экспортко лицензиялар Экономика министрлиги гана тарабынан берилет, болгону этил спирти жана алкоголдук продукцияны импорттоого карата лицензия Мамлекеттик салык кызматы тарабынан берилмекчи», — деди Өкмөт башчы.
Жеке тармакты өнүктүрүү маселесине токтолууда Жоомарт Оторбаев маалымдагандай, 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын жеке секторун өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө Өкмөт токтомуна кол коюлгандыгын билдирди. «Бул документ — Кыргызстандагы бизнести өнүктүрүүнүн конституциясы деп кабыл алсак болот. Ал өнүктүрүү боюнча өнөктөр, эл аралык донорлор менен кызматташуу аркылуу даярдалган. Бул программа абдан амбициялуу, аны ишке ашыруу үчүн ресурстар талап кылынат, алар консультанттар, техникалык көмөктөшүү жана ченемдик актылар түрүндө бар. Биз аталган Токтом алкагында программаны ишке ашыруу боюнча ондогон иштиктүү топторду уюштурабыз», — деп кошумчалады ал.
Өз сөзүнүн жыйынтыгында Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бизнеске багытталган болуп саналат. «Биз мурдагыдай эле Кыргызстандын инвестициялык абалын жакшыртуу боюнча олуттуу иш жүргүзөбүз», — деп жыйынтыктады ал.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов жыйын катышуучуларына 2014-жылдын 18-декабрындагы Кеңеш жыйынынын чечимдеринин аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Жыйын жүрүшүндө ошондой эле бизнес-коомчулук тарабынан демилгеленген маселелер каралды. Тактап айтканда, салык төлөөчүлөр эсебин жакшыртуу жана салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү башкарууну өркүндөтүү; Кыргызстандын ЕАЭБ кирүү шартында эт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү тууралуу; ошондой эле пробирдик көзөмөлдөө функциясын Кыргызстан зергерлер ассоциациясынын жеке жөнгө салуусуна өткөрүү тууралу маселелер каралды.
[su_carousel source="media: 51821,51822,51823,51824,51825,51826,51827,51828,51829,51830" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү