16
Март
2015
Премьер-министр Ж. Оторбаев: «Мамлекеттик компанияларды башкарууга чыныгы кесипкөйлөрдү тартууга реалдуу мүмкүндүк берген принциптерди чечкиндүү түрдө киргизебиз»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Мамлекеттик үлүшү бар чарба коомдорунун Директорлор кеңешинин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлүгүнө жана катчылык кызматына талапкер кадрлардын резервин уюштуруу жана пайдалануунун жаңы принциптери жөнүндө” токтомуна кол коюлду. Документ мамлекеттик үлүшү бар компаниялардагы менеджментти дайындоо боюнча процедуралардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Коомчулук тарабынан мамлекеттик компанияларды натыйжасыз башкаруунун жана кызматтык дайындоолордун ачык эмес механизмдери сынга алынып келген. Кабыл алынган Токтомго ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуга караштуу кадрлар резервин уюштуруу боюнча ведомство аралык комиссиянын ыйгарым укугу кеңейтилет. Кадрлар резервин уюштуруу жана талапкерлерди тандоо боюнча бардык процедуралар регламенттештирилип, ачык жарыяланат. Мамлекеттик үлүшү бар чарба коомдорунун Директорлор кеңешинин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлүгүнө жана катчылык кызматына талапкер кадрлардын резерви Маммүлктү башкаруу боюнча фондусуна караштуу түзүлүп, ал эми аткаруу органдары боюна кадрлардын резерви ар-бир коом алдындагы Директорлор кеңешинин көзөмөлүндө түзүлөт. Кадрлар резервин жана комиссия ишмердүүлүгүн уюштуруунун бардык баскычында маалыматтын ЖМК жана Интернет аркылуу жарыяланышын камсыздоо боюнча ченемдер киргизилген.
“Биз өлкөдө мамлекеттик менчикти башкаруу сапатын принципиалдуу түрдө жакшыртууну, профессионалдуу кадрлардын дайындалышынын ачык-айкындуулугуна жетишүүнү, ошондой эле мамлекеттик корпорацияларды жана мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун адекваттуу бааланышын жана так жоопкерчиликти киргизүүнү каалайбыз. Биз мамлекеттик компанияларды башкарууга чыныгы кесипкөйлөрдү тартууга реалдуу мүмкүндүк берген принциптерди чечкиндүү түрдө киргизебиз», — деди Премьер-министр.
Аталган Токтомдун кабыл алынышы Мамлекеттик үлүшү бар чарба коомдорунун Директорлор кеңешинин, ревизиялык комиссиялардын мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча ачык-айкын кадрдык чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле Директорлор кеңешине мамлекеттик компаниялардын аткаруучу органдарын формалдуу түрдө эмес, реалдуу түрдө дайындоого мүмкүндүк берүү менен катар алардын ордун жана маанисин күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет.
Токтом КР Экономика министрлиги тарабынан БУУӨП “Мүмкүндүктү өстүрүү боюнча механизмдер долбоорунун алкагындагы “Демокартиялык башкаруу” программасынын колдоосунда иштелип чыккан.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү