27

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Биз Кыргызстан аймагында жайгашкан уулуу заттарды сактоочу жайларды реабилитациялоо маселесине чоң маани беребиз»

Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутьконун жана Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору, БУУӨП туруктуу өкүлү Александр Аванесовдун катышуусунда “Уулуу заттар сактоочу жайларга жакын жайгашкан конуштарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү» долбоорунун бетачары боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, айлана-чөйрөнү коргоо маселеси Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү келечектүү багыт болуп саналат. «Биз өлкө аймагында жайгашкан уулуу заттарды сактоочу жайларды реабилитациялоо маселесине чоң маани беребиз. Жыл сайын биз бюджеттен уулуу заттар сакталчу жайларды реабилитациялоо көйгөйүн чечүү үчүн көп эмес болсо да, үзгүлтүксүз финансылык ресурстарды бөлөбүз. Биз өзүбүздүн жеке ресурстарыбыз аркылуу аталган жайларды колдоо үчүн тийиштүү каражат бөлө албагандыгыбыздан социалдык көйгөйлөр келип чыгууда», — деди Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы кошумчалагандай, Кыргызстан уулуу заттарды сактоочу жайлар көйгөйүн чечүүгө эл аралык коомчулукту тартууда. «Биз эл аралык аренада активдүү аракеттешүүдөбүз. Өнүктүрүү боюнча өнөктөр жана башка мамлекеттер менен биргеликте көйгөйдү чечүү үстүндө иш алып баруудабыз», — деди ал. Премьер-министр радиоактивдүү заттар көмүлгөн жайлардын жанында жайгашкан “Айылдарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү” долбооруна тийиштүү маалымдагандай, ал Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана БУУ Өнүктүрүү программасы тарабынан даярдалган. Долбоордун негизги максаты катары көрсөтүлгөн жайлардын жанында жайгашкан жана оор экологиялык жана социалдык шартта турган Миң-Куш, Кажы-Сай, Ак-Түз, Орловка жана Борду айылдарын комплекстүү түрдө социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү болуп саналат”,— деди ал.   Долбоор ошондой эле ЕврАзЭШ тарабынан бекитилген 2013-2018-жылдарга “ЕврАзЭШке мүчө-мамлекеттердин уран өндүрүүчү өндүрүш таасирине кириптер болгон аймактарын рекультивациялоо” эл аралык максаттуу программасынын алкагында жогоруда аталган айылдарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө байланыштуу иш-чараларды Миң-Куш жана Кажы-Сай уулуу заттар сакталган жайды техникалык рекультивациялоо боюнча РФ «Росатом» Мамкорпорациясынын күч-аракетин толуктоого багытталган. “Уулуу заттар сактоочу жайларга жакын жайгашкан конуштарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү» боюнча 2 жылга эсептелген долбоор 1,476 млн доллар суммалык бюджетке ээ жана Россия Федерациясы аркылуу каржыланып, БУУӨП аркылуу ишке ашырылмакчы.

[su_carousel source="media: 52388,52389,52390,52391,52392,52393,52394,52395,52396,52397,52398,52399" limit="50" link="image" width="200" height="40" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү