31

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Биз акыйкат пенсиялык тутумга умтулуудабыз»

30-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев мамлекеттик орган жетекчилеринин катышуусунда мамлекеттик социалдык жана пенсиялык тутумду камсыздоону жакшыртуу маселеси боюнча комплекстүү кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан калкты жана төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу; КР Социалдык фондунан социалдык төлөмдөрдү башкаруу милдетин Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүнүн учурдагы абалы жана КР Социалдык фондунун кичи бизнес субьектилери үчүн отчет тапшыруунун кварталдык принцибине өтүүсү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маселелер козголду. Мындан тышкары, КР пенсиялык тутумунун топтолмо компонентин мындан ары карай жакшыртуу, ошондой эле Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин социалдык камсыздоонун төлөм ставкалары боюнча иликтөө өткөрүүсү боюнча маселелер талкууланды. Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата пенсиянын базалык бөлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланат, ал эми Социалдык фонд пенсиялык төлөмдүн камсыздоо жана топтолмо бөлүгүн каржылайт. «Акыркы жылдары пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоо өсүүдө», — деди Өкмөт башчы. Анын пикиринде, бүгүнкү күндө камсыздоо төлөмүн чогултууну башкарууну жакшыртуу маселеси курч турат. «Камсыздоо төлөмүн башкарууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору парламент тарабынан жайкы каникулга дейре кабыл алынуусуна болгон күч-аракетти жумшоо керек. Камсыздоо төлөмдөрдүн чогултулушун башкаруу жаатында бизде резерв, башкача айтканда, камсыздоо төлөмүн төлөөчүлөрдүн санын жогорулатуу жана эмгек акыны көмүскөдөн чыгаруу үчүн шарттарды түзүү мүмкүндүгү бар», — деп эсептейт Премьер-министр. Өкмөт башчы ошондой эле КР Социалдык фондунан социалдык төлөмдөрдү башкаруу милдетин Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүгө байланыштуу маселени так иштеп чыгууну жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жоомарт Оторбаев өзгөчө көңүлдү камсыздоо төлөм ставкаларын төмөндөтүү маселесине бурду. «Өлкөдөгү реалдуу эмгек акыны “көмүскөдөн” чыгарып, ага катар Социалдык фонд тарабынан алынчу камсыздоо төлөм көлөмүн жогорулатуу зарыл. Мындай төмөндөтүү максаттуулугу алгач КР Социалдык фондунун төлөө мүмкүндүгүн бузбоо үчүн тыкыр иликтениши тийиш», — деди ал. Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин өкүлү тарабынан атайы тартылган донордук ресурстар эсебинен мындай иликтөөнү өткөрүү боюнча иштин башталышы тууралуу айтылды. Жыйынтыгында Премьер-министр кошумчалагандай, мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздоо тутумун жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлүүдө: фермерди чарбалар жана патент боюнча эмгектенүүчүлөр үчүн социалдык камсыздоо боюнча төлөмдөрдүн жаңы эсептөө принциптерин орноткон бир катар мыйзам долбоорлору Парламентке киргизилген. Мында ал бул процессти тездетүү зарылдыгын белгиледи. «Биз акыйкат пенсиялык тутумга умтулуудабыз. Бирок бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик жана пенсиялык камсыздоо тутумун жакшыртуу боюнча маморган ишинин ыкчамдуулугу али жетишсиз», — деп билдирди Жоомарт Оторбаев жана КР Экономика министрлигине КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана КР Социалдык фондуна жүргүзүлүп жаткан ишти тездетүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 52619,52620,52621,52622,52623" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү