20

Февраль

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Кыргызстандын тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн ресурстарды жана резервдерди издеп табуу керек»

Бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиялык жыйынына катышты, анда мамагенттиктин 2014-жылкы ишмердүүлүк жыйынтыгы каралып, 2015-жылга карата багыттар аныкталды. Коллегиянын жүрүшүндө Премьер-министр белгилегендей, геологиянын мүмкүндүгү толук бааланган эмес. «Совет мезгилинде геология бюджет түзүүчү негизги тармактардын катарында болгон, анда көптөгөн жумуш орундары болуп, бул тармакка карай маанилүү инвестициялар болгон. Советтер союзунан калган пландар көзкарандысыз Кыргызстандын өнүгүү шартында толук ишке ашырылышын камсыздоо керек», — деп эсептейт Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы билдиргендей, тоо-кен өндүрүү тармагынын өнүгүүсү Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүчү локомотив болот. Ал белгилегендей, тоо-кен өндүрүү долбоорлорун ишке ашыруу алкагында жергиликтүү калктын, мамлекеттин жана инвесторлордун кызыкчылыгын сактоого жана коргоого жетишүү керек. “Акыркы 24 жылдагы геологиянын өнүгүү тарыхы көрсөткөндөй, ал көп учурда чыр-чатактар жана кризистер менен коштолгон», — деди Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр аталган тармакты өнүктүрүү үчүн иш орундарын жана салыктык базаны түзүү зарылдыгын белгиледи. «Тоо-кен тармагын өнүктүрбөстөн туруп, Кыргызстандын өнүгүүсү мүмкүн эмес. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн резерв жана ресурстарды табуу керек», — деди ал. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, 2010-жылдан тарта Өкмөт тарабынан тоо-кен тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир катар чаралар кабыл алынган. Алсак, ченемдик-укуктук базаларга өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик органдардын функциялары бөлүштүрүлгөн. “Биз тараптан принципиалдуу жаңы салык саясаты иштелип чыккан. Ошондой эле жергиликтүү коомчулук алардын аймагындагы тоо-кен долбоорлорунун өнүгүүсүнө кызыкдар болуусу үчүн аларды өнүктүрүү жагына көңүл бурулууда. Ошондой эле Мамлекеттик агенттик тарабынан жергиликтүү калк менен иш жүргүзүлүүдө», — деди ал жана Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу боюнча ишти күчтөндүрүүсү зарыл экендигин кошумчалады. Тоо-кен тармагындагы лицензия көйгөйүнө тийиштүү Өкмөт башчы белгилегендей, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик бул маселени тартипке келтирүү үчүн чараларды көрүп жатат. Сөзүнүн жыйынтыгында Премьер-министр белгилегендей, геология жана минералдык ресурстар тармагы экономиканын келечектүү тамактарынан болуп саналат. «Биз жаратылыш берген байлыкты туура жана натыйжалуу пайдалануубуз керек. Амбициялык түрдө коюлган милдеттер гана бул тармактын өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет», — деп билдирди Жоомарт Оторбаев.

[su_carousel source="media: 50678,50679,50680,50681,50682,50683,50684,50685,50686,50687" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү