04

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «Биздин милдет – өлкөдө ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды камсыздаган инвестициялык абалды түзүү»

Бүгүн, 3-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кыргыз-татар ишкер форумуна катышты. Иш-чараны ачууда Премьер-министр өтүп жаткан форум Кыргызстан жана Татарстандын ишкерлерине олуттуу натыйжаларды берээрине ишеним билдирди. «Бизнесмен Кыргыз Республикасындагы абдан чыдамсыздык менен күтүлгөн конок болуп саналат. Биздин милдет – өлкөдө ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды камсыздаган инвестициялык абалды түзүү», — деди Жоомарт Оторбаев. Премьер министрдин айтымында, Өкмөттүн келечектүү багыттарынын бири – инвестицияларды тартуу болуп саналат. Инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу көз-карашынан алып караганда, негизги кадам катары Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кирүүсү эсептелет. Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу тууралуу билдирүүдө, Өкмөт башчы белгилегендей, бизнесмендер үчүн республикадагы жагымдуулук катары төмөнкү салыктык база, электр энергиясынын жана жумушчу күчүнүн арзандыгы эсептелет. “Ошентип, Кыргызстанда продукция өндүрүүнүн өздүк наркы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болуп саналат. Мында биз Беларус, Казакстан жана Россия рыногуна чыгабыз. Мындан тышкары, акыркы жылдарда алгач ирет Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланды», — деди Жоомарт Оторбаев жана Татарстан ишкерлеринин маалыматтык технологиялар, экономика жана билим берүү жана илим тармактарына инвестицияларды тартуусуна ишеним билдирди . Премьер-министр ошондой эле Кыргызстандын туристтик мүмкүндүктөрү маселесин көтөрүп, өзгөчө көңүлдү өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүүгө бурууга чакырды. Мындан тышкары, Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Татарстан Республикасы аралык өкмөт аралык комиссияны түзүү тууралуу келишимге кол коюлган. Өз кезегинде Рустам Минниханов билдиргендей, татар тараптан комиссиянын теңтөрагасы болуп Татарстан республикасынын премьер-министринин орун басары, өнөр-жай жана соода министри Равиль Зарипов бекитилет. «Татарстан динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан өлкө, 2014-жылы негизги капиталга карата түз инвестициялардын көлөмү 542 млрд сомду түзгөн. Татарстан өзүнүн өндүрүштүк продукциясынын 50% ашуунун экспорттойт. Өзгөчө көңүл инновациялык өнүктүрүүгө бурулат. Биз эл аралык экономикалык байланыштарды активдүү өнүктүрүүдөбүз жана кыргыз бизнеси менен өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө кубанычта болобуз», — деп жыйынтыктады Татарстан президенти.

[su_carousel source="media: 51103,51101,51100,51092,51093,51090" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү