15

Январь

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев: «ЖКК тутумунда тез арада тартип орнотуу зарыл»

Бүгүн, 14-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен КР ИИМ караштуу Жол-кайгуул кызматынын иши боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр билдиргендей, өлкөдө ЖКК иши жакшыртылбай жатат. «Коомчулукта ЖКК кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынын кыянаттык менен пайдалануусуна байланыштуу чыңалуу бар. Милиционер, дарыгер жана мугалимдер – мамлекеттик бийлик тууралуу пикирди түзүүчү кесип ээлери болуп саналат. Көбүнэсе Жол-кайгуул кызматынын иши боюнча нааразычылыктар түшүүдө. Мындан ары мындай улануусу мүмкүн эмес. Бул тутумда тартип орнотулушу зарыл. Коомдук көзөмөлдү күчтөндүрүү максатында мен жарандарга жана журналисттерге ЖКК кызматкерлеринин ишин видео- жана фотокамераларга түшүрүп, аларды эфирге чыгаруу өтүнүчү менен кайрылам», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы ИИМ жетекчилигине бир ай ичинде жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулду төлөөнү накталай эмес түргө өткөрүүгө толук өткөрүүнү тапшырды. «Эреже бузуучулардан накталай айыппул алууну токтотуу керек. Алар айыппулду накталай эмес тутум аркылуу төлөөсү зарыл. ЖКК жалпы кызматкерлери ПОС-терминалга ээ болуп, аны пайдаланууну өздөштүрүүсү керек. Жакынкы арада банкоматтарды жана ПОС-терминалдарды импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулат. Андан соң коммерциялык банктар аларды импорттоону беш эсеге жогорулатууну убадалоодо», — деди ал.   Премьер-министр ошондой эле ИИМдин жарандар жана бейөкмөт уюм өкүлдөрү менен активдүү кызматташуусунун зарылдыгын белгиледи. «Биригүү аркылуу гана биз бул тутумда тартип орното алабыз», — деп жыйынтыктады ал.

[su_carousel source="media: 48805,48806,48807,48808,48809" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү