17

Декабрь

2014

Премьер-министр Ж.Оторбаев өлкөнүн финансы рыногундагы учурдагы абалды талкуулады

Бүгүн, 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө өлкөнүн финансы рыногундагы учурдагы абал талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, коңшу өлкөлөрдүн валюталык рыногундагы абалга байланыштуу Кыргызстандын финансы рыногундагы учурдагы абалды талкуулоо зарыл. «Биз орун алуусу мүмкүн болгон чакырыктарды жана тобокелдиктерди талдап чыгуубуз керек. Ошондой эле аталган багыттагы мамлекеттик саясатты туура жүргүзүүгө көмөк көрсөтчү биргелешкен чараларды кабыл алуубуз керек», — деди Жоомарт Оторбаев.

Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан инфляцияны кыскартуу, валюталык жөнгө салуу жана коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Улуттук банк жетекчиси маалымдагандай, рубль курсунун алсызданышына байланыштуу Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн акчалай которуулардын төмөндөшү ыктымал.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна дан жана күйүүчү-майлоочу майлардын запасын даярдоону тапшырды. Ошондой эле Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттигине өлкө рыногундагы бааларды үзгүлтүксүз көзөмөлгө алууну жүргүзүү тапшырмасын берди.

[su_carousel source="media: 47632,47620,47619" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү