11

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов менен Бишкек шаарынын 2014-жылкы өнүгүү көрсөткүчтөрүн жана 2015-жылга пландарды талкуулады

10- мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушту. Жолугушуунун башында Премьер-министр борборду натыйжалуу өнүктүрүү үчүн коомчулук менен байланышты жайгаруу жана ыраатка келтирүү зарылдыгын белгиледи. Жоомарт Оторбаев билдиргендей, жакында Кыргызстанга Татарстандын делегациясы келип, өлкө жарандары менен өз-ара аракеттешүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы, тактап айтканда, тургундар менен үзгүлтүксүз байланышта болууга жан алардын сын-пикирлерине жооп кайтарып турууга мүмкүндүк берген “Элдик көзөмөл” аталышындагы тутумдун киргизилиши тууралуу ой бөлүшкөн. «Бул абдан ыңгайлуу тутум. Шаардыктар муниципалдык кызматтардын жана маморгандардын ишиндеги кемчиликтерди билдирип, ал материалдарды интернет-басылмаларга жөнөтөт, ал эми маморгандар дароо ага жооп кайтарат. Биз дагы белгилүү интернет-басылмалдардан ушундай рубрикаларды түзүүсүн өтүндүк, анда шаардыктар жолдогу абал, коопсуздук, муниципалдык кызматтардын иши боюнча өз сүрөт, видеоматериалдарын жүктөй алышат. Ал эми маморгандарга бул материалдарга өз учурунда жана сапаттуу жооп берүү жагы жүктөлөт. Жакын арада биз кызыкдар басылмалар менен биргеликте жооп кайтаруунун тездиги жана сапаттуулугу боюнча рейтингди түзө баштайбыз, ал маморгандардын калк менен байланыш түзүүсүнө өбөлгө түзө алат», — деди Өкмөт башчы. Ал эскерткендей, Өкмөттүн ишинин башкы талабы катары калктын ишеним деңгээлин көтөрүү болуп саналат. «Буга байланыштуу мен республикалык деңгээлдеги бардык жетекчилерди “Министр байланышта” акциясынын алкагында байланышка чыгууга милдеттендирдим. Өлкө тургундары менен үзгүлтүксүз иш жүргүзүлүшү абдан маанилүү болуп саналат», — деп эсептейт Өлкө башчы. Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийиштүү билдирүүдө, Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча оңдуу көрсөткүчтөр орун алгандыгын айтты. «Акыркы жылдары республика экономикасындагы Бишкектин орду дагы жогорулады. Өлкө ИДПсындагы Бишкек шаарынын үлүшү - 38,6%, өнөр-жайда – 18,3%, чет элдик түз инвестицияларды тартууда 30,3% түзөт», — деди ал. Бирок, Өкмөт башчынын айтымында, өнөр-жай комплексиндеги чечилбеген көйгөйлөр, чет элдик түз инвестицияларды тартуунун азаюусу, салык кирешеси боюнча болжолдордун аткарылбай калышы кооптонууну жаратат. «2014-жылдын январь-сентябрь айы үчүн шаардын экономикасына жана социалдык тармагына 134,5 млн.долларлык чет элдик түз инвестициялар тартылган, же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53,8% инвестиция тартылган. Салык кирешеси боюнча пландын аткарылышы 95,7% түздү. Салык кирешесинин 5 түрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөр аткарылбай калган. Натыйжада Бишкектин бюджети 266 млн сомду албай калган», — деди ал. Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр билдиргендей, мэрия ишиндеги келечектүү багыттардын бири катары коомдук коопсуздук маселеси калууда. «Шаар адамдардын жашоосу жана ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу орун болуп эсептелүүсү тийиш. Милиция ар күнү жарандар менен өз-ара аракеттешүүсү аркылуу коопсуздукту биргелешип камсыздоону ишке ашыруусу абзел. Мэрия дагы бул багытта иш алып баруусу зарыл”, — деди Премьер-министр. Мындан тышкары, Өкмөт башчы борборду өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу темасын козгоду, тактап айтканда, энергетикалык тармакка жана Бишкек шаарын газдаштырууга жана ЖЭБ-2 модернизациясына инвестиция тартуу керек. «Газпром» компаниясы Бишкек шаарында ири газдаштыруу ишин баштоого даяр. Шаарды газдаштыруу схемасын иштеп чыгуу жана экологиялык жактан таза заманбап газ технологиясына өтүү зарыл», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр борбордогу башаламан курулуштар жана “Бишкекбашкы архитектура” башкармалыгындагы коррупциялык схемалардын орун алышы темасына токтолуп, ведомствонун ишин реструктуризациялоо процессин тездетүү зарылдыгын белгиледи. “Каражыгач” паркынын аймагы боюнча паркты көрктөндүрүүнүн жана реконструкциялоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Кубанычбек Кулматов өз кезегинде Өкмөт башчыга шаар мэриясы 2 айдан бери ШИИБ менен биргеликте коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардыктар менен жолугушууларды өткөрүп жаткандыгын, ошондой эле “Министр байланышта” акциясына катышуу жыйынтыгы тууралуу маалымдады. Ошондой эле ал инвесторлорду тартуу жана “Каражыгач” паркын көрктөндүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу жөнүндө маалымат билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр жана Бишкек шаарынын мэри шаар чегин орнотуу, жолдорду сапаттуу куруу, борбордогу парктардын чегин аныктоо, электр энергиясын пайдалануу көлөмүн кыскартуу, унаа токтотууну уюштуруу, транспорттук инфраструктураны жана борборду жарыктандырууну жашыртуу маселелерин талкуулады. [su_carousel source="media: 51410,51411" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү