22
Ноябрь
2014
Премьер-министр Ж. Оторбаев ӨКМ министри менен Ысык-Көл облусундагы жер силкинүү кесепетин талкуулады
Бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кубатбек Боронов Өкмөт башчыга үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында 7 жана 4 баллдык эки ирет жер силкинүүсү орун алган Ысык-Көл облусунун түштүгүндөгү аймакты иликтөө натыйжалары тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Премьер-министр билдиргендей, Ысык-Көл облусундагы жер силкинүү саркындыларын жоюу боюнча маселени ал жеке көзөмөлүнө алган.
Жолугушунун натыйжасы боюнча Жоомарт Оторбаев ӨКМ министрине аймакты иликтөө, турак-жайларды жана чарба жүргүзүү субьектилерин жана жер силкинүүдөн түшкөн зыянды эсептеп чыгуу иштерин айдын соңуна дейре жыйынтыктоо тапшырмасын берди.
Андан соң Өкмөт башчы Өкмөт Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө тез арада жер силкинүүдөн жабыр тарткандарга гуманитардык жардам берүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү