03

Февраль

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаев менен Ысык-Көл облусунун 2014-жылкы өнүгүү көрсөткүчтөрүн жана 2015-жылга карата пландарды талкуулады

Бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев менен жолугушту. Жолугушуунун башталышында Эмилбек Каптагаев Премьер-министрге “Министр байланышта” акциясына катышуусунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчы белгилегендей, аталган акция “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында өткөрүлүүдө. «Жыл башынан бери биз акциянын экинчи айлампасын баштадык, мында бардык маморган жетекчилери, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери калк менен байланышка чыгат. Сиз бул акцияга биринчилерден болуп катышып жатасыз. Бул өлкө калкын сапаттуу маалымдоо жана алар менен кайрадан байланыш түзүү үчүн зарыл. Бир облустун тургундары экинчи облуста болуп жаткан окуялар тууралуу маалымдар болуусу керек», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев Жолугушуунун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун 2014-жылкы өнүгүү көрсөткүчтөрү жана 2015-жылга карата пландары талкууланды. Өкмөт башчы өткөн жылкы туристтик мезгилге тийиштүү билдиргендей, өткөн жылы Кыргызстанга өтө көп сандаган туристтер каттаган. Ошондой эле ал облусту жана туризмди өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Жоомарт Оторбаев Ысык-Көл облусундагы ири пансионаттарды жана эс алуу жайларына салык салуу боюнча тутумдуу иш алып барууну тапшырды. «Айрым ири пансионаттар жана эс алуу борборлору салык төлөбөстөн, өз кирешелерин көмүскөдө кармоодо. Бул ишке тутумдуу мамиле кылуу зарыл», — деп белгиледи ал. Ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Каптагаев маалымдагандай, облуста электр энергиясын үнөмдөө көрүнүшү байкалууда жана облус көмүр менен тийиштүү көлөмдө камсыздалган.   Өкмөт башчы өз кезегинде Ысык-Көл облусунун ири электр керектөөчүлөрүн энергиянын альтернативдүү булактарына өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми жаңы тарифтик саясатка тийиштүү калк арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.   Премьер-министр жана Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүл «Мейкин Азия» фестивалын өткөрүү, “Газпром” ААК Чолпон-Ата шаарындагы дене-тарбия, ден-соолук чыңдоочу комплексин куруусу, ошондой эле Түп районундагы “Күрмөнтү цемент” ААК өндүрүш көлөмүн жогорулатуу маселесин талкуулады.

[su_carousel source="media: 49859,49860,49861" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү