10

Февраль

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү К.Исаев менен Чүй облусунун 2014-жылкы өнүгүү көрсөткүчтөрүн жана 2015-жылга карата пландарды талкуулады

Бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев менен жолугушту. Жолугушуунун башталышында Премьер-министр белгилегендей, “Министр байланышта” акциясынын экинчи айлампасы башталып, анда маморган жетекчилери, облустардагы Өкмөт өкүлдөрү жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери калк менен байланышка чыгат. «Аталган акциянын өткөрүлүшү оңдуу жыйынтыктарды берүүдө. Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун талдоо жыйынтыгы боюнча, 2014-жылы Кыргызстанда калктын Өкмөткө болгон ишеним көрсөткүчү 5 эсеге жогорулаган. Бул боюнча калк арасында терең сурамжылоо жүргүзүлгөн», — деди Жоомарт Оторбаев. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле 2014-жыл жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун өнүгүү көрсөткүчтөрү талкууланды жана 2015-жылга карата келечек багыттар белгиленди. Өкмөт башчы Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн Иш-аракет планына тийиштүү билдиргендей, ал 57 пункттан тураарын жана анда экономиканын келечектүү 10 багыты боюнча пландар камтылгандыгын эске салды. Жоомарт Оторбаев Кемин районундагы жардыргыч заттарды өндүрүү боюнча заводдун, ошондой эле Москва районунун Беловодск айылындагы бедени кайра иштетүү заводун куруу маселесин чечүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Канатбек Исаев маалымдагандай, учурда бедени кайра иштетүү заводун куруу маселеси боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан тышкары, Өкмөт башчы чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясы жана ички миграция маселесине өзгөчө көңүл буруп, бул тармактагы реформаларды өткөрүү зарылдыгын белгиледи. «Газпром» компаниясы тарабынан кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо жана газдаштыруу долбоору Чүй облусунан башталат. Калк гана эмес, ишканалар да газ менен камсыздандырылат Буга байланыштуу Чүй облусундагы инвестициялык абал жагымдуу тарапка өзгөрөт», — деди ал.   Премьер-министр жана Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Токмоктогу мунайды кайра иштетүү заводунун, «Алтын кен» ишканасынын, Ак-Суу айыл аймагындагы башкы суу алгычтын жана Жайыл районундагы суу түтүгүнүн курулушун, Кара-Балта шаардык канализация жана суу менен камсыздоо тутумун реабилитацияланышын, ошондой эле Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы бала-бакчанын курулушун талкууга алды.

[su_carousel source="media: 50185,50186,50187" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү