21

Февраль

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Раззаков менен Баткен облусунун 2014-жылкы өнүгүү көрсөткүчтөрүн жана 2015-жылга пландарын талкуулады

Бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңишбек Раззаков менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусунун 2014-жылкы өнүгүү көрсөткүчтөрү жана 2015-жылга пландары талкууланды. Жолугушууну ачууда Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тараптан Баткен облусун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жоомарт Оторбаев Кыргызстан жана Тажикстандын чекараларын демаркациялоо жана делимитациялоо маселесин козгоду. Ал белгилегендей, коңшу мамлекет менен чектеш аймакты демаркациялоо жана делимитациялоо жаатында оңдуу жылыштар бар. «Өкмөт чекараларды чыңдоого, чектеш райондордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана стратегиялык жолдорду реконструкциялоого каражат бөлүүдө. Бирок чекараларды чыңдап гана тим болбостон, коңшу өлкөлөр менен кызматташуу, анын ичинде маданий-гуманитардык кызматташууну тереңдетүү керек», — деп белгиледи ал. Өкмөт башчы өзгөчө көңүлдү Бүргөндү массивинин өздөштүрүлүшүнө буруп, бул процессти тездетүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал Баткен облусундагы ирригациялык тутумдарды жакшыртуу боюнча жалпы долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Эгерде биз алыскы аймактагы тургундардын жашоосуна жагымдуу шарт түзүп берсек, ички миграция деңгээли кыскарат», — деп эсептейт Жоомарт Оторбаев. Жолугушуунун жүрүшүндө Премьер-министр Баткен облусун газдаштыруу жана газ менен камсыздоо темасына кайрылды. Анын айтымында, «Газпром» ААК Башкармалыгынын төрагасы облуска газ жана мунай жайгашкан жерлерди иликтөө үчүн адистерди жиберүүнү пландаштырууда. «Эгерде облус аймагында газ жана мунай запастары болсо, биз муну пайдаланып, өлкө түштүгүн газ менен камсыздообуз керек», — деди ал жана келечекте энергиянын альтернативдүү булактарын издеп табуу жана пайдалануу зарылдыгын белгиледи. Жоомарт Оторбаев жана Жеңишбек Раззаков ошондой эле Баткен жана Исфана шаарларынын аэропортторунун инфраструктурасын өнүктүрүү, облуска болгон инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу, жалпы билим берүү объектилерин жана спорттук комплекстерди куруу маселелерин талкуулады. Жыйынтыгында Өкмөт башчы эскерткендей, Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту тараптан сурамжылоо жүргүзүлүп, ага ылайык, 2014-жылы Кыргызстанда калктын Өкмөткө карата ишеним көрсөткүчү 5 эсеге жогорулаган. «Мындай натыйжалар мамлекеттик органдардын өлкө жарандары менен байланыш түзүүсүнө жана жетекчилердин иш-аракет пландары жана милдеттенмелери боюнча иш алып баруу принцибине жараша орун алууда, анткени, калк Өкмөттүн ишинин натыйжасын көрүп турат жана ага көбүрөөк ишеним арта баштады. Бул ишти улантуу жана тереңдетүү керек», — деди Жоомарт Оторбаев жана Жеңишбек Разаковго Баткен облусунун район акимдерине жана айыл өкмөт башчыларына иш-аракет жана милдеттенмелер планын түзүүдө методологиялык колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди. [su_carousel source="media: 50736,50737,50738,50739" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү