18
Февраль
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев ЕЭК жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өкүлдөрү менен ветеринариядагы стандарттарды шайкештөө маселесин талкуулады
Бүгүн, 18-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) жана Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өкүлдөрү менен ветеринариядагы стандарттарды шайкештөө маселесин талкуулады.
Жолугушууну ачууда Премьер-министр Евразиялык экономикалык бирликке (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин Өкмөттөрүнө, органдарына жана эксперттерине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуу процессинин жыйынтыкталышына байланыштуу тыкыр жана адискөйлүк иши үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз мамлекетибиз үчүн маанилүү кадамды жасап жатабыз. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин экономикалык кызматташуусунда тектоникалык кыймылдар жүрөт», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстандын тышкы чектери ЕАЭБ тышкы чектери болуп калууда. «Буга байланыштуу биз өзүбүзгө ЕАЭБ кабыл алынган стандарттарга ылайык милдеттенмелердин толук спектрин алуудабыз. Биз бул ишти эң жогорку деңгээлде аткара алаарыбызга күмөнүбүз жок», — деди ал.
Премьер-министр белгилегендей, ЕАЭБ кирүү алкагында мыйзам актыларын кызматташуунун бардык багыттары боюнча ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү жана Жол картасын аткаруу зарыл. «Бизге ветеринария жаатындагы стандарттарды дал келтирүү үчүн көптөгөн иштерди аткаруу керек», — деп кошумчалады ал.
Жоомарт Оторбаев маалымдагандай, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция өкүлдөрү менен 5 багытты биргелешкен түрдө инспекциялоо үчүн Кыргызстанга ЕЭК жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөр: Россия, Казакстан, Беларус жана Армениядан 18 инспектор келген.
Инспекторлор Кыргызстандын келечекте мал-чарбачылык продукциясын экспорттоону пландаштырган ишканаларын текшерет. Инспекторлордун экинчи тобу Кыргызстан аймагындагы малдын өзгөчө кооптуу ооруларына карата эпизоотикалык абалын баалоо жана өлкөнүн тийиштүү органдары тарабынан мындай оорулардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чарлардын натыйжалуулугун баалоо ишин жүргүзөт. Үчүнчү топ Кыргызстандын лабораториялык тармагынын ишине баа берет. Төртүнчү топ Кыргызстандын мамлекеттик чекарасындагы өткөрүү пункттарынын материалдык-техникалык абалы жана алардын жабдылышын текшерүүгө алат. Бешинчи топ Кыргызстандын аймагындагы ветеринардык багыттагы дары-дармек каражаттарынын жүгүртүлүшүн көзөмөлгө алуу тутумуна баа берет, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринардык каражаттарды сертификатташтыруу борборуна барат.
Өкмөт башчы ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого байланышкан маселеге да токтолуп өттү. “Биз тараптан 3-5 жылдан бери өндүрүүчүлөрүбүздүн продукциясын Бажы биримдиги, Бирдиктүү экономикалык аймакка кирген өлкөлөргө экспорттоо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Биздин ишкерлер аларга карай талаптар менен таанышкан. Бирок азырынча биздин продукция стандарттарга жооп берет деп айтуу кыйын. Инфраструктураны тийиштүү жабдуулар менен жабдуу максатында биз Россия жана Казакстандан финансылык көмөк алуудабыз», — деди ал жана ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук жаатындагы адистер менен тажрыйба алмашуу зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр Кыргызстандын ЕАЭБ кирүү процессинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Биз баштаган ишибиз натыйжалуу жыйынтыкталышы үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоого даярбыз жана келечектеги биздин кызматташууну тереңдетүүгө мүмкүндүк алабыз», — деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү