24
Январь
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев министрлик жана ведомство жетекчилери менен өлкөнүн энергетикалык бөлүштүрүүчү компанияларынын менеджмент маселесин талкуулады
Кечээ, 23-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомство жетекчилери менен бирдикте Эл аралык финансы корпорациясы аралык Консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча кызматташуу тууралуу келишимдерди кароо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Премьер-министр белгилегендей, энергетика жаатындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу маселеси көптөн бери талкууланууда, бирок бир дагы долбоор ишке ашырылган эмес. Учурда Эл аралык финансылык корпорация Финансылык консультациялык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим долбоорун ишке ашырууга 1,6 млн доллар бөлүүнү сунуштоодо. «Долбоордун негизги максаты - бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын аткаруу органдарында иштөө үчүн компетенттүү жеке операторду тартуу. Ал өз менеджментин орнотуп, башкаруу схемасын иштеп чыгат жана иштөө принцибин көрсөтөт. Башкача айтканда, анын милдети - корпоративдик башкарууну жакшыртуу, натыйжада, бөлүштүрүүчү компаниялардын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу эсептелет”, — деди Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы белгилегендей, башка мамлекеттердеги мындай тажрыйба оңдуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө.
Ошондой эле премьер-министр өлкөнүн энергетикалык компанияларынын түзүмүн тез арада жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү