24

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев РФ энергетика министрлигинин жетекчилиги менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу процессин талкуулады

Бүгүн, 24-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россия Федерациясынын энергетика министрлигинин жетекчилиги, тактап айтканда, Россия Федерациясынын энергетика министринин орун басары Анатолий Яновский жана Россия Федерациясынын энергетика министринин орун басары — статс-катчысы Юрий Сентюрин менен жолугушту. Жолугушууну ачууда Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан энергетикалык долбоорлор өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыт катары саналат. «Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын стратегиялык өнөктөштүк деңгээли бир катар биргелешкен долбоорлор, анын ичинде энергетикалык жааттагы долбоорлор менен белгиленет», — деди Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы Кыргызстандын газ транспорттук тутумун өнүктүрүүгө «Газпром» ААК сыяктуу стратегиялык инвесторду тартуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, «Газпром» компаниясы тараптан республиканын газ транспорттук тутумун өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу боюнча иш натыйжалуу жүрүүдө. «Биз инвестициялык долбоордун мүнөзү жана динамикасына канааттануудабыз», — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр РФ Энергетика министрлигинин жетекчилигине отун-энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Өкмөтү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда колдон келген көмөк көрсөтөөрүн белгиледи. Жоомарт Оторбаев Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча долбоорго тийиштүү билдиргендей, куруу иштери ырааттуу жүрүүдө. Ал кошумчалагандай, Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоору амбициялуу болуп саналат. Мында Өкмөт башчы аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ишти тездетүү зарылдыгын белгиледи. “Биз электр-энергетикалык долбоорлорго инвестиция салынуусуна кызыкдарбыз. Биз Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинен аталган долбоорлордогу өзүбүздүн милдеттенмелерибиздин так жана өз мөөнөтүндө аткарылуусун талап кылуудабыз», — деди Премьер-министр. Россия Федерациясынын энергетика министринин орун басары Анатолий Яновский өз кезегинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы россиялык тараптын кызыкдарлыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Камбарата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоорлорунун жүрүшү, ошондой эле Кыргызстандан электр энергиясын экспорттоо маселеси тыкыр талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча календардык планын иштеп чыгуу тапшырылды.

[su_carousel source="media: 52217,52218,52219,52220,52221" limit="50" link="image" width="200" height="40" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү