01

Апрель

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев «Интергласс» ЖЧК жетекчилиги менен завод продукциясын экспорттоо маселесин талкуулады

Бүгүн, 1-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев «Интергласс» ЖЧК жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айнек өндүрүү, завод продукциясын экспорттоо жана Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кирүү алкагында сатуу рыногунун кеңейиши маселелери талкууланды. «Интергласс» ЖЧК негиздөөчүсү Владимир Штейнерт айнек заводундагы өндүрүштүн өнүгүүсүнүн оңдуу динамикасын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр ишендирип кеткендей, Өкмөт өлкөнүн өндүрүшчүлөрүнө колдоо көрсөтүүгө даяр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү