21

Февраль

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерине сөгүш жарыялады

Бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылга улуттук экономиканы чыңдоо боюнча Иш-чаралар планы, 2015-2035-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тоо-кен өндүрүүчү өнөр-жайын өнүктүрүү боюнча стратегиясы каралды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын маморгандары тарабынан 2012-2014-жылдарга Өкмөттүн коррупцияга каршы туруу боюнча Иш-чаралар планынын аткаруу жыйынтыгы, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу-жайларындагы студенттерди даярдоо жана адистик багыттары боюнча окутууну каржылоо механизмдерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду киргизүү маселеси каралды. Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жылды өлкөнүн улуттук экономикасын чыңдоо жылы катары жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын кабыл алынышына байланыштуу Өкмөт Иш-чаралар план долбоорун иштеп чыккан. Ал өзүнө 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүүгө өтүүсү боюнча программасын жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2015-жылды өлкөнүн улуттук экономикасын чыңдоо жылы катары жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чараларды камтыйт. Өкмөт башчы эскерткендей, 2014-жылкы экономиканын басаңдашы Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө байкалган, анткени өлкө экономикасы башка мамлекеттердин экономикасы менен байланышта. «Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын болжолу боюнча, 2015-жылы Казакстандын экономикасы 1,5% өссө, Россия жана Беларустуку тийиштүү түрдө, 5% жана 1,5% төмөндөйт. Экономика министрлигине 2015-жылга карата антикризистик программаны даярдоо тапшырылган», — деди Жоомарт Оторбаев.   Биринчи маселеге байланыштуу Премьер-министр эскерткендей, өткөн жылдын декабрь айынын соңунда 2015-жылга карата мамлекеттик орган жетекчилеринин толук кандуу Иш-аракет/милдеттенме пландары бекитилген, ал өзүнө 766 жакын иш-чараларды камтыйт. Ошондой эле облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн жана Бишкек жана Ош шаар мэрлеринин Иш-аракет/милдеттенме пландары бекитилген. “Мамлекеттик орган жетекчилеринин Иш-аракет/милдеттенме пландарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планына киргизилген бардык негизги иш-чаралар толук көлөмдө жана көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылышы керек», — деп белгиледи ал жана жетекчилердин көңүлүн негизсиз узартууларга жана айрым иш-чаралардын Өкмөттүн планынан алынып ташталышына жол берилбей тургандыгына бурду. Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-2035-жылга тоо-кен өндүрүүчү өнөр-жайын өнүктүрүү боюнча стратегиясы тууралуу токтолуп, өлкө пайдалуу кен-байлыктарга бай экендигин билдирди. “Тоо-кен тармагы кыргыз экономикасын өнүктүрүүнүн чыныгы локомотиви боло алат. Бирок өлкөнүн көзкарандылыкты алган учурунан тарта, 24 жылдан бери карай бул тармак өнүккөн эмес. Бирок биз тоо тармагын өнүктүрбөстөн туруп, Кыргызстан экономикасын көтөрүү мүмкүн эместигин түшүнүүбүз керек”, — деп эсептейт ал. Өкмөт башчы кошумчалагандай, 2010-жылдан тарта тоо-кен өндүрүү тармагынын башкармалыгында кескин өзгөрүүлөр орун алууда, ал эми 2013-жылы Өкмөт эксперттик коомчулукка, донорлорго аталган тармакты өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну колдоо өтүнүчү менен кайрылган. «Учурда ал толугу менен даярдалган. Анын бизнес-коомчулук тарабынан алдын-ала жактырууга ээ болгондугу абдан маанилүү. Ал бизнес-чөйрө менен биргеликте түзүлгөн», — деди Жоомарт Оторбаев. Үчүнчү суроого кайрылууда Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча күч-аракети эл-аралык коомчулук, абройлуу рейтингдик агенттиктер тарабынан бааланган. «Жакында мамлекеттик сатып алуулар тутумун уюштуруу боюнча атайы кеңешме өткөрүлгөн. Белгилүү болгондой, донорлордун көмөгү астында биз тараптан заманбап мамлекеттик сатып алуулардын он-лайн тутуму киргизилген. Бардык сатып алуучу уюмдар үчүн тийиштүү семинарлар жана тренингдер өткөрүлгөн. Бирок биздин талдоо көрсөткөндөй, мамлекеттик органдар аталган тутумдун киргизилишин эске алган эмес. Азыркыга дейре алар кагаз менен алпурушууда. Сатып алуучулар Интернет аркылуу иштөөнү каалабайт, тескерисинче, тендер катышуучулары менен жекеме-жеке кезигишүүнү каалашат. Бул кайсы максатта орун алаарын ким айтат? Анын жообу белгилүү», — деди ал. Өкмөт башчы кошумчалагандай, кеңешменин жана Өкмөт аппарат жетекчилигинин сунуштамасы боюнча мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөгөн ведомство жетекчилеринин орун басарларына сөгүш жарыяланган. Катуу сөгүш Билим берүү жана илим министрлигинин жана саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчыларына жана Финминге караштуу Сатып алуулар департаментинин директоруна берилди. Ошондой эле Бишкек шаарынын вице-мэрине, ИИМ жетекчисинин биринчи орун басарына, коргоо министринин орун басарына, Мамлекеттик чекара кызмат төрагасынын орун басарына, Мамлекеттик бажы кызмат төрагасынын орун басарына, Социалдык фонд Аппаратынын жетекчисине сөгүш жарыяланган. Мындан тышкары, Премьер-министр Өкмөт Аппаратына бир катар маморгандардагы сатып алуучулар арасында ротация жүргүзүү тууралуу сунуш киргизүүнү тапшырды. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөн бардык маморган жетекчилерине бир жумалык мөөнөттө электрондук мамлекеттик сатып алуулар тутумуна өтүү боюнча отчет берүүсү тапшырылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү