26

Ноябрь

2014

Премьер-министр Ж. Оторбаев ЕРӨБ менен кызматташуу келечегин аныктады

Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Масару Хонмуну жана ЕРӨБдүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лариса Манастырлини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчысы белгилегендей, ЕРӨБ Кыргызстан үчүн өнүктүрүү боюнча маанилүү шериктердин бири болуп саналат, аны менен кызматташуу алкагында экономика, банк, инфраструктура, өнөр-жай, кичи жана орто бизнес, коммуналдык чарба жана башка тармактарды колдоого багытталган биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.

Андан соң Премьер-министр белгилегендей, КР ЕРӨБ менен кызматташуу келечеги катары аймактык өнүктүрүү, инфраструктураны өнүктүрүү, атаандаштык чөйрөнү кеңейтүү менен кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, мамлекеттик коммуналдык кызматтарды туруктуулугуна көмөк көрсөтүү иштери аныкталган. Кызматташуунун аталган тармактары 2015-2018-жылдарга карата ЕРӨБдүн КР боюнча иштелип жаткан Өлкөлүк стратегия концепциясында чагылдырылган.

Тараптар ошондой эле өлкөнүн Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүүсү боюнча пикир алмашты. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, интеграциялык процесстер экономиканын айрым тармактарынын өнүгүүсүнө оңдуу салымын кошот.

Өз кезегинде Масару Хонма ЕРӨБ жеке тармакты өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетикалык долбоорлорду, инфраструктураны жана коммуналдык кызмат ишин жакшыртуу алкагында көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле ал Премьер-министрге учурдагы долбоорлордун ишке ашырылышы, анын ичинде 35 млн АКШ доллары суммасындагы заемдук каражат берилген Ош, Баткен жана Исфана шаарларын байланыштырган автомагистралды реконструкциялоо иши тууралуу маалымдады. Ошондой эле ЕРӨБ быйылкы жылы ааламдык каатчылык саркындыларын жоюуга көмөктөшүү боюнча иш-чаралар алкагында 67 млн доллар суммасындагы операцияларды каржылаган. Каражаттын негизги бөлүгү туризм, ипотека, кичи жана орто бизнес жана энергетиканы үнөмдөө жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктарга берилген.

[su_carousel source="media: 46490,46491,46493" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү