21

Январь

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев өзгөчө жана катаал кырдаалдардын кесепетин жоюу, алдын алуу жана маалымдоо боюнча ӨКМ тутумунун иши менен таанышты

Бүгүн, 21-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР ӨКМ караштуу Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборуна барды, анын расмий ачылышы 2014-жылдын 15-декабрында өткөн. Өкмөт башчы өзгөчө жана катаал кырдаалдардын кесепетин жоюу, алдын алуу жана маалымдоо, болжолдоо боюнча бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумунун тесттик режимдеги иши менен таанышып чыкты. Бирдиктүү тутум мамлекеттик жарандык коргонуу тутумунун ишмердүүлүгүн автоматташтырууга, башкаруудагы натыйжалуулукту, жооп кайтаруудагы ыкчамдуулукту жогорулатуу үчүн чечимдерди кабыл алуу процессинде заманбап телекоммуникацияларды пайдаланууга багытталган. Долбоорлордун толук ишке ашырылышы бир нече баскычтан турат, биринчи баскыч тесттик режимде 1-февралга дейре киргизилген. Долбоорлордун алкагында тутумдун иштешин камсыздоо үчүн бирдиктүү байланыш жана маалыматтарды берүү тармагы, ошондой эле чакырууларды иштеп чыгуучу эки борбор түзүлгөн. Мындан тышкары, заманбап технологияларды, анын катарында реалдуу убакыттагы видео жана тесттик маалыматтарды пайдалануу менен «112» шашылыш кызматтарды чакыруунун бирдиктүү номуру орнотулган. Премьер-министр белгилегендей, өзгөчө жана катаал кырдаалдардын кесепетин жоюу, алдын алуу жана маалымдоо тутуму жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн абдан зарыл. «Жарандардын коопсуздугун камсыздоо биз үчүн келечектүү милдет болуп саналат. Ар бир жаран өзгөчө жана катаал кырдаал учурунда андай чараларды кабыл алууну билүүсү зарыл. Ошондуктан калк арасында маалыматтык кампанияларды, окууларды өткөрүп, тасмаларды көрсөтүү керек», — деп эсептейт Жоомарт Оторбаев. Өкмөт башчы кошумчалагандай, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге жана бардык күч орган жетекчилерине калк арасында тийиштүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жана окууларды өткөрүү тапшырмасы берилет.

[su_carousel source="media: 49209,49210,49211,49212,49213,49214,49215,49216,49217,49218,49219" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү