03

Март

2015

Премьер-министр Ж.Оторбаев Бишкек шаардык калкты тейлөө борборунун жана транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн иши менен таанышты

Бүгүн, 2-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бишкек шаардык калкты тейлөө борборунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн иши менен таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова Премьер-министрге Калкты тейлөө борборунун иши тууралуу маалымат берди. Мамлекеттик каттоо кызматын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алууга анкетаны электрондук ыкма менен толтурууга мүмкүндүк берүүчү «Паспорт» маалыматтык тутумунун иши менен тааныштырды. Алина Шаикованын айтымында, Калкты тейлөө борборунда ыкчам документтештирүү бөлүмү жана паспорттук-визалык жана каттоо ишинин аймак аралык бөлүмү жайгашкан. «Ыкчам документтештирүү бөлүмүнүн жаңы орунга көчүрүлүшү калкты каттоо маселеси боюнча тейлөөлөрдүн бардыгын “бирдиктүү терезе” принциби боюнча бириктирүүгө мүмкүндүк берди. Аймак аралык бөлүмдө Чүй облусунда жана Бишкекте жүргөн жана жашап жаткан, бирок КР башка аймактарында катталган жарандар үчүн паспорт алууга жана берүүгө арыздарды кабыл алуу боюнча тейлөө сунушталат», — деди МКК төрайымы. Анын айтымында, Калкты тейлөө борборунда жарандар даректик-маалымдоо бөлүмүнүн жана паспортту үйгө келип каттоо боюнча мобилдик топтор борборунун тейлөөсүнөн колдоно алат. “Борбордун жаңы үлгүсү анкеталарды, арыздарды, жарандык абалды каттоо актысын жана жашаган жерин каттоо тутумун автоматташтыруу боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен катар каттоонун тейлөө сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деп кошумчалады Алина Шаикова. Өкмөт башчы белгилегендей, имараттын жалпы аянты 2700 м² түзүп, элдер үчүн ыңгайлуу эсептелет. «Күн сайын Тейлөө борбору 800-1000 жакын адамды кабыл алат. Мурда жарандар маалымдамаларды ар-кыл жерден алууга мажбур болушкан, натыйжада, алар документ алууга көп убакытын сарпташкан. Биз иштеп чыккан концепцияга ылайык, жарандардын тез жана ыңгайлуу түрдө документ алуусуна шарттар түзүлгөн”, — деди ал. Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, жалпы республика боюнча калкты тейлөөчү 55 борбор иш алып барат. «Биз мындай тутумду жалпы өлкө боюнча жайылтууну максат коюп жатабыз. Ошондой эле Ошто Бишкек шаарындагыдай эле Калкты тейлөө борборун түзүү пландаштырылууда”, — деп белгиледи Премьер-министр. Андан соң Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин Бишкек шаардык транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн иши менен таанышып чыкты. Транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору Жоошбек Коеналиев транспорттук каражаттарды каттоо жана кайрадан каттоо жаатындагы мамлекеттик тейлөө көрсөтүү, ошондой эле документ берүү жаатындагы мамкызмат көрсөтүү шарттары тууралуу айтып берди. «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директору Премьер-министрге айдоочулук курамды текшерүүчү “тестирлөө” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун иши тууралуу айтып берди. Өкмөт башчы өз кезегинде айдоочулук укук алуу үчүн сынак тапшырууда адамдык факторду четке кагуу зарылдыгын белгиледи. Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, Бишкек шаардык транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн ачылышы Бишкек шаарынын тургундары үчүн транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо жаатындагы кызмат көрсөтүү боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыңгайлуулугу үчүн Бишкек шаардык бөлүмү республиканын башка аймактарынын тургундары үчүн айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча милдетти аткарат. Бишкек шаардык бөлүмү тарабынан 2014-жылы Бишкек шаарынын тургундары үчүн транспорттук каражатты жана айдоочулук курамды каттоо боюнча 68 миңден ашуун кызмат көрсөтүлгөн. [su_carousel source="media: 51036,51037,51038,51039,51040,51041,51042,51043,51044,51045,51046" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү