28
Март
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаев Ош облусундагы “Карамык” жана “Эркечтам” көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарынын иши менен таанышат
Бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев дин Ош облусу боюнча иш сапары башталды.
Сапар алкагында Премьер-министр Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөнүн курулушун көзөмөлгө алат.
Андан соң Жоомарт Оторбаев облусундагы “Карамык” жана “Эркечтам” көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарынын иши менен таанышат.
Ошондой эле Өкмөт башчы “Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу” долбоорун ишке ашыруу алкагындагы вахталык кыштакчанын курулуш орду менен таанышат. Мындан тышкары, Премьер-министр Нура айылынын тургундары менен жолугушмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү